Армения бийлиги 17-июль күнү эртең менен Еревандагы полиция имаратын басып алып, буга чейин камакка алынган оппозициялык лидер Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылган куралдуу адамдардын тобу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кол салуу маалында бир полиция кызматкери каза болду, үчөөсү жараат алып, сегизи барымтага алынышты.

[21:54тө жаңыланды]

Окуя 17-июль күнү эртең менен Еревандын четиндеги Эребуни районунда болду — куралдуу 30 адам кайгуул-күзөт полициясынын штабына бастырып кирип барышып, аскердик төңкөрүш жөнүндө билдиришти. 

«Свобода» радиосунун маалыматы боюнча, окуянын жүрүшүндө бир полиция кызматкери каза болуп, дагы үчөөсү жараат алышкан. Армян полициясынын начальнигинин орун басары Унан Погосян бир нече кызматкердин денесине зыян келтирилгенин билдирди.

Учурда кол салгандардын тобу «Уюмдаштыруу парламенти» кыймылынын лидери жана Карабах кагылышууларынын катышуучусу Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышып, сегиз кызматкерди кармап турушат. Сефилян 2016-жылдын 20-июнунда ок-дарыларды мыйзамсыз алууга жана сактоого айыпталып армян полициясы тарабынан камакка алынган.

Азыр полиция имараты курчоого алынган, а Эребуни районунда жашаган жарандар эвакуцияланышты. Куралдуу адамдардын бийликке багынып берүүсү үчүн алар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы ЖМКларга кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыкта экенин билдирди.

«Имараттын аймагындагылар барымтага алынышкан […] Армениянын мамлекеттик башкаруу органдары нормалдуу режимде иш жүргүзүп жатышат, укук коргоо органдары коомдук тартипти көзөмөлдөө жана коопсуздукту камсыз кылуу функцияларын аткарып жатышат», — деп жазды  «РИА» агенттиги Улуттук коопсуздук кызматынын билдирүүсүн.

Кол салгандар бошотууну талап кылып жаткан Жирайр Сефилян Еревандагы имараттарды, курулуштарды, телекоммуникациялык каражаттар менен телемураналарды басып алууну пландаган деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясы боюнча, оппозиционер менен анын тобу басып алууларды Карабах жаңжалынын апрелдеги курчуусунан кийин баштоону пландашкан.

Таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын аймагындагы абал 1-апрелден 2-апрелге караган түнү курчуган. Азербайжан бийлиги Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган ок атуулар тууралуу, ал эми Армения азербайжандыктардын «чабуул жасоо аракеттери» тууралуу билдиришкен.

Орусия ЖМКларынын маалыматтары боюнча, куралдуу кагылышуулар 30дан ашык кишинин өмүрүн алып кеткен. Жабыркагандардын арасында жайкын адамдар да болгон. Бир канча күндөн кийин тараптар ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга келишкен, бирок кийин ал макулдашууну бузду деп бири-бирин бир нече жолу айыпташкан. Учурда Карабах жаңжалын тартипке салуу менен ЕККУнун Минск тобу алектенүүдө.

Сүрөт: RIA