Нөшөрлөгөн жаан менен мөндүр Бишкек-Балыкчы унаа жолунун Боом капчыгайындагы тилкелеринин бир бөлүгүн тосуп калган баткак аралаш суу агымынын пайда болушуна себеп болду. Жолду тазалоо үчүн  ал жакка ӨКМдин жумушчулары чыгып кетишти.

Ысык-Көл облусунун Боом капчыгайындагы баткак аралаш суу агымы Бишкек-Балыкчы унаа жолунун бир тарабын каптады. Ал жерде унаа тыгыны пайда болуп, автоунаа айдоочулары жолдун экинчи тарабы менен жүрүүгө аргасыз болушууда.

Боом капчыгайында турган маршруттук таксинин айдоочусу Kloop.kgге унаа тыгынынын узундугу 150 метрди түзгөнүн билдирди.

«Менин унаамдын капотуна суу кирип кетти. Кудайга шүгүр, кыйынчылыксыз өтүп кеттим. Бирок анда толугу менен баткакка тыгылып калган алты автоунаа калды», — деди ал.

ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Замирбек Жумагазиев Kloop.kgге жолдун суу капташына 18-июлда жааган нөшөрлөгөн жаандан улам пайда болгон шилендилер себеп болгонун билдирди.

«Анда жолду тазалоо менен алектенип жаткан жети даана техника жана 15 жумушчу бар», — деди ал.

Июлдун башында баткак аралаш суу Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө каптаган. Анда да жолдун бир бөлүгү тосулуп калып, унаа айдоочуларына анын экинчи бөлүгү менен жүрүүгө туура келген.

Автор: Алмаз Эшбаев