Эки казакстандык Алматыдагы атышуу маалында социалдык түйүндөргө билдирүү жазгандыктары үчүн кармалышты. Полиция аларды жалган билдирүү тараткан деп айыптап, кылмыш жоопкерчилигине тартууну убадалап жатат.

Алматыдагы атышуу маалында социалдык түйүндөр менен мессенджерлер аркылуу «жалган» билдирүүлөрдү тараткан адамдарды кармоо 22-июлда башталды.

Алматынын Ички иштер департаментинин өкүлү Салтанат Азирбек Vlast.kz басылмасына бүгүнкү күнгө карата эки киши кармалганын жана калгандарын издөө иштери уланып жатканын билдирди.

Кармалгандардын бири «Инстаграм» социалдык түйүнүнө куралдуу адамдар Алматыда соода борборун басып алганы жана кол салуудан улам адамдардан каза болгондугу жөнүндө жазган 21 жаштагы студент кыз болуп чыкты.

Ал укук коргоо органдары тарабынан жаздырылган видеокайрылуусунда өкүнүп жатканын билдирип, Алматынын жашоочуларынан кечирим сураган.

«Инстаграм» түйүнүнө жайгаштырган маалымат мен тарабынан текшерилген эмес. Мен аны жайгаштырып келесоолук кылыптырмын, ага абдан өкүнүп жатам жана мындан ары андай кылбайм. Мени кечирип коюшуңарды суранам», — деди ал.

Ички иштер департаментинин маалыматы боюнча, кармалгандардын экинчиси — куралчан 100 адам шаарда жашоочуларды аткылап жүргөндүгү жөнүндө жазган 23 жаштагы казакстандык.

Казакстандын Кылмыш кодексинин 274-беренесинин экинчи бөлүмүнө («Билип туруп жалган маалымат таратуу») ылайык, кармалгандарга айып пул төлөтүү, түзөтүү иштерин аткаруу же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылышы мүмкүн.

Ички иштер департаментинин өкүлдөрү жарандарга кайрылып, расмий маалыматтарды гана таркатууларын өтүнүштү.

«Буга байланыштуу ар бир жаран өз пикирин, ой жүгүртүүсүн, жүйөдалилдерин жакшылап баалап көргөндөн кийин гана айтып же соцтүйүндөргө жайгаштыруусу керек. Эреже катары алгачкы булагы белгисиз болгон такталбаган маалыматтарды таркатууга оңтой шарттарды түзүп бербөөгө чакырабыз», — деп билдирди департаменттин өкүлү Салтанат Азирбек.

Алматыдагы атышуу

Куралчан эки киши Алматынын Алмалы райондук ички иштер башкармалыгына 18-июль күнү эртең менен кол салган. Казак ЖМКларынын билдирүүлөрү боюнча, ал жерде кол салгандар менен полиция кызматкерлеринин ортосунда атышуу болуп, жыйынтыгында үч укук коргоо органынын кызматкери каза болгон.

Кол салгандардын бири дароо эле кармалган, а экинчиси — из жашыруу аракетин көргөн маалда атылып өлтүрүлгөн. Кылмышкерлерди колго түшүрүү операциясы маалында шаарда террористтик коркунучтун эң жогорку кызыл деңгээли киргизилип, соода жайларынын, банктардын жана башка мекемелердин иштери убактылуу токтотулган.

Жалпысынан окуядан алты киши каза болгон, алардын төртөөсү — полиция кызматкери, экөөсү — Алматынын жашоочусу.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кол салууну террористтик акт деп атаган.

Сүрөт: Vlast.kz