Кыргызстандын Жогорку соту орусиялык жарандыгынын бар экендигине байланыштуу 8-июлда Жыргалбек Саматовду депутаттык мандатынан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Жогорку сот экс-депутат Жыргалбек Саматовдун ишин 21-июлда карады. Ал орусиялык жарандыгынын бар экендигине байланыштуу 8-июлда Саматовду депутаттык мандатынан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Өз чечиминде комиссия Конституциянын 52-беренесине шилтеме кылган — анда башка өлкөлөрдүн жарандары саясий же мамлекеттик кызматтарды ээлей албай тургандыгы жөнүндө жазылган.

Экс-депутаттын орусиялык жарандыгынын бар экенин Орусиянын Федералдык миграция кызматы ырастаган. Мекеме Кыргызстандын Башкы прокуратурасына Саматовдун 16 жылдан бери Орусиянын жараны экенин билдирген.

Саматовдун өзү кыргыз жарандыгына гана ээ экенин билдирген. Ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде аны сотто далилдей тургандыгын убадалаган.

Ал БШКга каршы доо арыз менен Биринчи май райондук сотуна кайрылып, анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү комиссиянын чечимин мыйзамсыз деп табууну талап кылган. Бирок депутаттын экинчи жарандыгынын жок экендигин далилдеген документтер жараксыз деп табылгандыктан, сот тарабынан анын доо арызы канааттандырылган эмес.

Саматов ушул эле себептер менен ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон Боршайком менен 2015-жылдын декабрында да соттошкон.

Анда экс-депутат орусиялык жарандыгынын жок экени жөнүндөгү Федералдык миграция кызматынан алган маалымкатын көрсөтүп, Жогорку сот анын пайдасына чечим чыгарган.

Депутатка мандатын кайтарып беришкен, а аны өз тизмесинен чыгарып салган «Республика — Ата-Журт» фракциясы кайрадан өз катарына кошкон.