Арменияда кармоолор 26-июлда башталды — полиция менен Улуттук коопсуздук кызматы 17-июлда полиция имаратын басып алган куралдуу топту колдогондорду камакка алып жатат.

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы 17-июлда полиция имаратын басып алып, полиция кызматкерлерин барымтада кармап турган куралдуу топтун тарапташтарын кармай баштады, деп билдирүүдө «Свобода» радиосу.

Жергиликтүү News.am армян басылмасы Улуттук коопсуздук кызматы топту колдогондорду куралдарын таштап, бийликке багынып берүүгө чакырып жатканын жазууда.

«Кайгуул-күзөт кызматынын имаратын басып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жаңы кармоолор ишке ашырылды, куралдуу топко көмөктөшкөн дагы бир топтун бети ачылды», — деп жазды басылма өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын билдирүүсүн.

Кармоолор полиция имаратын басып алгандардын тарапташтары баштаган нааразычылык акцияларынан кийин башталды. Алар бир канча жолу митингдерге чыгышып, алары полиция менен кагылышуулар менен аяктаган.

Армениянын Хельсинки комитетинин өкүлчүлүгүнүн өкүлү Аветик Ишханян Би-би-сиге курган буга чейинки маегинде полиция кызматкерлеринин аракеттерин «адамдарга аңчылык кылуу» деп атаган. Анын айтымында, полиция бардык жарандарды кармап жатат.

« […] Бардыгын тең катары менен кармап жатышат. Бул адамдарга аңчылык кылуунун өзү. Түзүлгөн абал массалык түрдө кармоолорго арзыйт деп ойлобойм. Бул мени өтө тынчсыздантып жатат», — деди укук коргоочу.

Армениядагы полиция имаратынын басылып алынышы

Еревандын Эребуни районундагы полиция имаратын 17-июлда басып алышкан — 30 кишиден турган куралдуу адамдардын тобу кайгуул-күзөт полициясынын штабына бастырып кирип барышып, аскердик төңкөрүш жөнүндө билдиришкен.

Алар бир жумадан бери «Уюмдаштыруу парламенти» кыймылынын лидери жана Карабах кагылышууларынын катышуучусу Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышып, андагы полиция кызматкерлерин барымтада кармап турушкан. Сефилян 2016-жылдын 20-июнунда ок-дарыларды мыйзамсыз алууга жана сактоого айыпталып армян полициясы тарабынан камакка алынган.

«Азаттык» радиосунун армян кызматынын билдирүүсү боюнча, имаратка кол салууда бир полиция кызматкери каза болуп, дагы үчөөсү октон жарадар болушкан. Армян полициясынын башчысынын орун басары Унан Погосян бир нече кызматкердин денесине зыян келтирилгенин билдирген.

Куралдуу топ барымтадагылардын бардыгын тең 23-июлда бошоткон, бирок бийликтин куралдарды өткөрүп берүү талабына баш ийген эмес. Учурда топ полиция имаратын өз карамагында сактоосун улантууда.

Автор: Сайкал Ниязова