Франциядагы чиркөөгө кол салуу: Окуя тууралуу эмнелер белгилүү?

Францияда бычак менен куралданган эки киши Руандан алыс эмес жердеги чиркөөгө кол салышты. Алар андагы бир дин кызматчысын өлтүрүп, чиркөө коомунун бир мүчөсүн жарадар кылышты, андан соң «Аллах Акбар» деп кыйкырып чыгышып, француз полициясы тарабынан атылып өлтүрүлүштү, деп билдирүүдө Associated Press маалымат агенттиги.

Кыскача:

— Франциянын түндүгүндө эки киши чиркөөгө кол салып, андагы беш адамды барымтага алышкан, алар дин кызматкери, эки монах аял жана эки чиркөө коомунун мүчөсү;

— Кол салгандар дин кызматкерин өлтүрүп, бир чиркөө коомчулугунун мүчөсүн жарадар кылышкан;

— Кол салгандар чиркөөдөгүлөрдү барымтага алгандан бир сааттан кийин ал аймакты курчоого алган француз полициясы тарабынан өлтүрүлүшкөн. Полициянын маалыматы боюнча, кол салгандардын белинде жанкечтилердин жардыруучу зат тагылган курунун муляжы бар болуп, алар аны менен имаратты жардырып жибере тургандыктарын айтып коркутушкан.

— Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» тобу өзүнө алды.

Кененирээк:

«Би-би-си» билдиргендей, куралдуу эки адам Франциянын түндүгүндө жайгашкан Нормандиядагы чиркөөгө 26-июль күнү эртең менен кол салышкан. Алар ашкана бычактары менен куралданышкан, кол салгандардын биринин белинде «жанкечтилер курунун» муляжы да бар болгон.

Кол салуу маалында Сент-Этьен-дю-Рувре чиркөөсүндө алты киши бар болгон, бирок алардын беши гана барымтага алынган —дин кызматкери, эки монах аял жана эки чиркөө коомунун мүчөсү. Монах аялдардын бири ал жерден качып кетип, полицияны чакырууга жетишкен.

Oe7Jl2CqozklUcOF8Y5LlA

Кол салуунун жыйынтыгында 86 жаштагы дин кызматкери Жак Амель каза болгон. Associated Press маалымат агенттиги билдиргендей, аны бычак менен мууздап салышкан.

Монах аялдардын бири Даниель The Guardian британ гезитине курган маегинде дин кызматкери өзүн коргоого аракет кылганын айткан.

«Баарыбыз тең: «Токтогула, силер эмне кылып жатканыңарды түшүнбөй жатасыңар», деп кыйкырып жаттык. Алар аны (дин кызматчысы Жак Амелди) чөгөлөтүштү, ал коргонууга аракет кылды, анан үрөй учурган көрүнүш болду», — деп билдирген ал.

Даниель кол салгандар дин кызматчысын өлтүрүүнү видеого тартышканын, ошондуктан анын сыртка качып чыгып кеткенин байкабай калгандыктарын кошумчалады.

«Алар мени байкабай калышты, алар чиркөөнүн төрүндө өз бычактары жана видеого тартуу менен алек болуп жатышкан», — деген ал.

Расмий маалыматтар боюнча, барымтага алынган дагы бир киши катуу жаракат алып, учурда анын абалы «абдан оор» деп бааланууда. Le Figaro француз гезити полициядагы булактарына шилтеме кылуу менен дагы үч киши жараат алгандыгын билдирди.

Чиркөөдөгүлөрдү барымтага алгандан жарым саат өткөндөн кийин кылмышкерлер «Аллах Акбар» деген кыйкырыктар менен сыртка чыгышып, Сент-Этьен-дю-Рувре чиркөөсүнүн аймагын толугу менен курчоого алган француз полициясы тарабынан өлтүрүлүшкөн.

Париж прокурору Франсуа Молен кылмышкерлер чиркөөдөн чыкканда монах аялдардын артына жашырынышып, «жанкечти курун» ишке келтире тургандыктарын айтып коркуткандыктарын билдирди.

Кол салууга жоопкерчиликти «Ислам мамлекетинин» согушкерлери алышты. Алар тараптан окуя болгон күнү жарыяланган билдирүүдө католик чиркөөсүнө кол салууну «Ислам мамлекетинин эки согушкери» жасагандыгы айтылган.

Прокурордун айтымында, кол салгандардын биринин тек-жайы манжа издери боюнча аныкталды. Ал Сент-Этьен-дю-Рувренин 1997-жылы туулган Адель Кармиш аттуу жашоочусу болгон. Өткөн жылы ал «Ислам мамлекетинин» мүчөлөрүнө кошулуу үчүн Сирияга кетүүгө аракет кылган, бирок кармалып, камакка алынган, а абактан чыккандан кийин ага электрондук билерик тагылып, полициянын дайымкы көзөмөлүнө алынган.

Кол салгандардын экинчисинин тек жайын аныктоо аракеттери дагы деле көрүлүүдө.

Кол салуунун «Ислам мамлекети» уюмунун тарапташтары тарабынан жасалгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды Франциянын президенти Франсуа Олланд ырастады.

Теледен сүйлөгөн сөзүндө ал өлкө жашоочуларын жарандар менен чиркөөлөрдүн коопсуздуктарын камсыз кылуу үчүн өкмөттүн «жаңы чараларды» көрө тургандыгына ишендирди.

«Чиркөөгө чабуул жасап, дин кызматчысын өлтүрүү абийир эркиндигин кепилдеген республиканы кордоо дегенди билдирет. Келгиле жек көрүүчүлүк менен фанатизмге бөгөт коелу. Биз согуштабыз жана ал узакка созулат, бирок биз анда жеңүүчү болуп чыгабыз. Террорчулардын бизди бөлүп-жарып, бири-бирибизге каршы коюуну каалап жаткандыгын эсиңерден чыгарбагыла», — деп билдирген ал.

Андан сырткары Олланд каза болгон дин кызматчысынын үй-бүлөсүнө жана өлкөнүн бардык католиктерине көңүл айтты. Өлкө башчысы трагедияны иликтөө үчүн тез аранын ичинде полиция менен шаар бийлигин мобилизациялоону тапшырганын белгилеген.

2015-жылдын апрелинде Париждеги чиркөөгө кол салуу аракети полиция тарабынан токтотулган.

Өткөн жылы Сент-Этьен-дю-Рувредеги чиркөөгө кол салууну теги алжирлик болгон 24 жаштагы Сид Ахмед Глам пландаган. Ал полиция тарабынан колго түшүрүлгөндөн кийин пландары ишке ашпай калган — 2015-жылдын апрелинде ал Парижде бир аялды атып өлтүрүп, өзү бутунан жаракат алган жана ал кылмыш боюнча тергөө маалында Париждеги бир канча чиркөөгө кол салууну пландаганын мойнуна алган.

Тинтүү маалында полиция анын үйүнөн экстремисттик адабияттарды жана төрт Калашников автоматын тапкан. Ошондой эле Сириядан ага чиркөөлөрдө теракт жасоо буйругу берилгендигинин далили да табылган.

Рим Папасы Франциск I француз чиркөөсүндө болгон окуяны айыптады.

«Понтифик ал кол салуунун абсурддуу мыкаачылыгына таң калды жана дин кызматчысынын өлүмүнө байланыштуу терең кайгырууда. Рим Папасы «жек көрүүчүлүктүн бардык формасын айыптайт», — деп жазылган понтификтин расмий билдирүүсүндө.

hamel-memorial

Руандын жашоочулары окуя болгон күнү каза болгон дин кызматчысы Жак Амелди эскерүү үчүн аянтка чогулушту. Алар гүлдөр менен ачык каттарды калтырышып, шамдарды жагышты.

Сент-Этьен-дю-Рувренин муниципалитети 28-июнь күнү каза болгон дин кызматчысынын элесине арнап жүрүш уюштурууну чечти.

Франциядагы кол салуулар

2015-жылдын январынан бери Францияда бийлик терроризм актысы деп атаган бир нече кол салуу болду. 2015-жылдын январында куралдуу адамдар Мухаммед пайгамбарга карата карикатура жарыялагандан кийин «Шарли Эбдо» сатиралык гезитинин редакциясына кол салышкан. Анда гезиттин 12 кызматкери, анын ичинде басылманын башкы редакторлору да атылышкан.

2015-жылдын ноябрында Париждин борборундагы «Батаклан» концерттик залына кол салуу болгон — анда куралдуу адамдардын тобу музыкалык топтун концерти болуп жаткан маалда залдын ичиндеги адамдарды аткылашкан, ошол эле түнү ал аймактагы бир канча кафени көздөй аткылоолор да болгон.

Ошол эле күнү кечинде футбол боюнча 2016-жылкы чемпионатка даярдануу беттештеринин алкагында Франция жана Германия курамаларынын ортосунда оюн өтүп жаткан Париждин четиндеги Сен-Дени стадиондун жанында жанкечти өзүн жардырган. Ал күндөгү кол салуулардан жалпысынан 130 киши каза болуп, дагы 350сү түрдүү жаракаттарды алышкан.

Ноябрдагы кол салуулардан кийин президент Франсуа Олланд өлкөдө өзгөчө абал режимин киргизген, а Франция 2016-жылдын июнь-июль айларындагы футбол боюнча Европа чемпионатын өткөрүүнүн алдында коопсуздук чараларын кыйла күчөткөн. Бирок чемпионаттын финалынан төрт күн өткөн соң — улуттук майрам эсептелген 14-июлда Бастилиянын алынган күнү белгиленип жаткан маалда Ницца шаарында дагы бир кол салуу болгон.

14-июль күнү кечинде майрам жана салют атуулар маалында жүк унаасын башкарган теги тунистик француз жараны Мохамед Лауэж-Булель катуу ылдамдыкта топтолгон адамдарды аралап кеткен. Ал элди аралап эки чакырымдай жүргөндөн кийин полиция тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Анда жалпысынан 84 киши каза болуп, 308 киши жараат алган.

Сүрөт: AP, Reuters