2016-жылдын сентябрынан тарта Коомдук биринчи канал «кыргызстандыктардын англис тилин үйрөнүүсүнө жардам берүү» үчүн көркөм тасмаларды кыргыз жана орус субтитрлери менен англис тилинде көрсөтө баштоону пландап жатат. Демилгени «Кырк Чоро» кыймылынын башчысы сынга алды.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде телерадиокорпорация кыргызстандыктарга англис тилин үйрөнүүдө жардам берүү чечимине келгенин билдирди.

Анын айтымында, канал тасмаларды күнүнө эки-үч жолудан көрсөтөт.

«Бизде азыркы учурда популярдуу голливуд тасмаларын кыргыз жана орус тилдерине которуу менен жигердүү алектенип жаткан атайын студиябыз бар. Негизинен популярдуу үй-бүлөлүк тасмаларды коебуз», — деди ал.

Карыпбеков ал тасмаларды көрсөтүү укуктарын канал сатып ала турганын кошумчалады — анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата укук ээсинен бир нече лицензия сатылып алынган.

КТРКнын демилгесин Карыпбековдун «Фэйсбуктагы» билдирүүсүнүн алдына идеяны мактаган пикирлерин калтырган кыргызстандыктардын бир бөлүгү колдошту.

«[…] биздин англис тилин билген максаттуу аудиториябыз үчүн  англис тилиндеги телевизиондук берүүлөрдү чыгара башташ керек. Бул жаштардын кызыгуусун жаратат. Албетте, бул инвестицияны, каражатты жана кадрларды талап кылган узакка созулчу түйшүктүү иш», — деген пикирин жазды журналист Хамид Турсунов.

Колдонуучулардын башка бөлүгү тескерисинче, биринчи кезекте Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүү керектигин билдиришти.

«Мен таң калып жатам, кыргыз тилин өнүктүрүп, Кыргызстандын ар бир жараны аны билгендей кылып мыктылыкка жеткирбей жатып англис тилин киргизип жатасыңарбы? Бул эмне, бүлүндүрүүбү? Анда силерге УКМКнын жардамы болот! Баса, КТРК бул долбоорду КРнын өкмөтү менен макулдаштыбы? КР президентинин жактыруусу үчүн резолюция барбы?» — деп жазды Тимур Султанов аттуу колдонуучу.

Демилге ошондой эле «Кырк чоро» кыймылынын жетекчиси Замирбек Көчөрбаевге да жаккан жок. Кыймыл 2014-жылы Бишкектин түндүгүндөгү караоке-клубдарда рейд жүргүзүп, анда иштеген кыздарды сойкулук менен алектенүүгө айыптап, эс алып жаткан этникалык кытайларга күч колдонгондон кийин белгилүү болуп калган. Анда кыймылдын өкүлдөрү кытай мигранттары «кыргыз кыздарын бузуп жаткандыктарын» билдиришкен.

Көчөрбаев Kloop.kgге курган маегинде коомдук каналдагы тасмалар кыргыз гана тилинде болушу керектигин айтты.

«Мен англис тилин билбейм деп коелу. Субтитрлери орус жана кыргыз тилдеринде болот, туурабы? А эгер мен андагы жазууларды окууга жетишпей калып, тасманы андан ары көрүү мен үчүн кызык болбой калсачы?» — деп суроо салды ал.

Илим Карыпбеков эгер «салттуу баалуулуктар үчүн күрөшкөндөр» каршы болушса, анда КТРК алардын «пикирлерин угуп, белгилүү бир жыйынтыктарга келе тургандыгын» билдирди. Бирок ошол эле маалда ал пикирлердин аргументтештирилген болушу керектигин белгиледи. КТРКнын башкы директору «келечекти болжолдобостон», долбоордун ишке киришин күтө турууга чакырды.

Буга чейин Кыргызстанда англис тилин өнүктүрүү жөнүндө «Республика — Ата-Журт» фракциясынан парламент депутаты Талант Мамытов да айткан. Ал 2016-жылдын апрелинде өкмөткө үч тилди (кыргыз, орус жана англис) өнүктүрүү менен алектенүүнү сунуштаган.

Парламентарий жаштардын эмгек рыногундагы атаандаштыкка туруктуулугун арттыруу жана «эл аралык коомчулук менен интеграцияны тездетүү» үчүн мектептерде англис тили сабактарынын санын көбөйтүү керектигин билдирген.

Автор: Сезим Каныбекова