17-июлда Еревандагы полиция имаратын басып алып, андагы кызматкерлерди барымтада кармап турган куралдуу топ тарап ок чыгарды. Анын жыйынтыгында бир полиция кызматкери каза болду.

Ок атуу 30-июлда, Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы эки аптадан бери полиция имаратын ээлеп отурган куралдуу топтун куралдарын тапшырып, бийликке багынып берүүсүн талап кылгандан кийин болду. Бул тууралуу «Свобода» радиосу билдирүүдө.

News.am армян басылмасынын маалыматы боюнча, көзгөатарлардын бири ок чыгарып, анын жыйынтыгында бир полиция кызматкери каза болгон.

Басылма атуу маалында полиция кызматкери басылып алынган имараттан алыс эмес жердеги унаанын ичинде болгонун жазууда.

ЕККУнун Еревандагы кеңсесинин жетекчиси Арго Аваков полиция имаратын басып алган куралдуу адамдардын аракеттерин айыптап, аларды куралдуу кагылышууларды тез аранын ичинде токтотууга чакырды.

«Биз расмий адамдар, саясий партиялар, жарандык коом, диний жана маданий лидерлердин, ошондой эле эл аралык субъектилердин айыптоолоруна кошулабыз. Биз полиция кызматкеринин каза болгонуна кайгырып жатабыз жана анын үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз», — деди ал News.am басылмасына курган маегинде.

Аваков ЕККУ «жаңжалды жөнгө салууда» армян бийлигине жардам берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Армениядагы полиция имаратынын басылып алынышы

Еревандын Эребуни районундагы полиция имаратын 17-июлда басып алышкан — 30 кишиден турган куралдуу адамдардын тобу кайгуул-күзөт полициясынын штабына бастырып кирип барышып, аскердик төңкөрүш жөнүндө билдиришкен.

Алар бир жумадан бери «Уюмдаштыруу парламенти» кыймылынын лидери жана Карабах кагылышууларынын катышуучусу Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышып, андагы полиция кызматкерлерин барымтада кармап турушкан. Сефилян 2016-жылдын 20-июнунда ок-дарыларды мыйзамсыз алууга жана сактоого айыпталып армян полициясы тарабынан камакка алынган.

«Азаттык» радиосунун армян кызматынын билдирүүсү боюнча, имаратка кол салууда бир полиция кызматкери каза болуп, дагы үчөөсү октон жарадар болушкан. Армян полициясынын башчысынын орун басары Унан Погосян бир нече кызматкердин денесине зыян келтирилгенин билдирген.

Куралдуу топ барымтадагылардын бардыгын тең 23-июлда бошоткон, бирок бийликтин куралдарды өткөрүп берүү талабына баш ийген эмес. Учурда топ полиция имаратын өз карамагында сактоосун улантууда.

Басылып алынган имараттын айланасында андагы куралдуу адамдарды колдогон нааразычылык акциялары өтүүдө, алар көбүнчө башаламандыктарга айланып, полиция менен кагылышууларга чейин жетүүдө.

Бийлик полиция имаратын басып алгандарга тамак өткөрүп берүүгө тыюу салгандан кийин башталган 21-июлдагы нааразычылык акциясы маалында митингчилер полицияны көздөй таштарды ыргытышкан. Анда полиция көздөн жаш агызчу газ менен аткылашкан. Кагылышуунун жыйынтыгында 45 киши жаракат алган, алардын 25и полиция кызматкерлери болушкан.

Сүрөт: РИА