Еревандагы полиция имаратын эки аптага жакын убакыт кармап турган куралдуу адамдардан турган топ бийликке багынып берди. Тирешүү башталгандан бери анда эки полиция кызматкери каза болуп, төртөөсү жарадар болгон. Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы имаратты басып алган 20 кишини кармады.

Эки аптага жакын убакыт бою укук коргоо органдары менен тирешип тургандан кийин «Сасна црер» армян тобунун мүчөлөрү куралдарын тапшырышып, 31-июлда бийликке багынып беришти. Алар 17-июлда Еревандын Эребуни районундагы полиция штабын басып алышып, андагы полиция кызматкерлерин барымтада кармап турушкан.

«Армения Республикасынын Полициясынын кайгуул-күзөт кызматынын плокунун имаратын бошотууга багытталган 30чу жана 31-июлдагы антитеррористтик операция аяктады», — деп жазды «Азаттык» радиосунун армян кызматы УККнын билдирүүсүн.

Армян ЖМКларынын маалыматтары боюнча,  куралдуу топтун лидери Варужан Аветисян бийликке багынып берээрден мурда расмий билдирүү жасаган. Ал «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына полиция менен болгон атышуулардын жыйынтыгында топ «чоң жоготууларга» учураганын жазды.

Би-Би-Си ал күнү миңдеген шаардыктар «Сасна црер» тобун колдоп, Еревандын борбордук көчөлөрү менен жөө жүрүш жасагандыктарын билдирди.

Армениядагы полиция имаратынын басылып алынышы

Еревандын Эребуни районундагы полиция имаратын 17-июлда басып алышкан — 30 кишиден турган куралдуу адамдардын тобу кайгуул-күзөт полициясынын штабына бастырып кирип барышып, аскердик төңкөрүш жөнүндө билдиришкен.

Алар бир жумадан бери «Уюмдаштыруу парламенти» кыймылынын лидери жана Карабах кагылышууларынын катышуучусу Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышып, андагы полиция кызматкерлерин барымтада кармап турушкан. Сефилян 2016-жылдын 20-июнунда ок-дарыларды мыйзамсыз алууга жана сактоого айыпталып армян полициясы тарабынан камакка алынган.

Имаратка жасалган чабуулдун жыйынтыгында бир полиция кызматкери каза болуп, дагы төртөөсү жарадар болгон. Улуттук коопсуздук кызматы менен полиция басылып алынган имаратты курчоого алып, топтун ок атууну токтотуп, барымтадагыларды бошотушун талап кылган. Алар барымтадагы адамдарды алты күндөн кийин гана бошотушкан, бирок куралдарын тапшырып беришкен эмес.

Басылып алынган имараттын айланасында андагы куралдуу адамдарды колдогон нааразычылык акциялары өтүп, алар көбүнчө башаламандыктарга айланып, полиция менен кагылышууларга чейин жетип турган.

Бийлик полиция имаратын басып алгандарга тамак өткөрүп берүүгө тыюу салгандан кийин башталган 21-июлдагы нааразычылык акциясы маалында митингчилер полицияны көздөй таштарды ыргытышкан. Анда полиция көздөн жаш агызчу газ менен аткылашкан. Кагылышуунун жыйынтыгында 45 киши жаракат алган, алардын 25и полиция кызматкерлери болушкан.

Армениянын УККсы имаратты басып алгандардан кезектеги жолу куралдарын тапшырып, багынып берүүнү талап кылганда андагы көзгөатарлардын бири ок чыгарган. Анын жыйынтыгында бир полиция кызматкери каза болгон.

Би-Би-Синин эсептөөлөрү боюнча, 29-июлда өткөн акыркы нааразычылык акциясынын жыйынтыгында 60ка жакын киши жаракат алган, алардын арасында журналисттер да болушкан. Анда полиция 100гө жакын кишини камакка алган.

Ошол эле күнү полициянын көзгөатарларынын огунан «Сасна црер» тобунун үч мүчөсү жарадар болгон. Алардын экөөсү куралдуу күзөттүн коштоосунда ооруканага жеткирилишкен.