Өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде өткөн Yssyk-Kul Grand Prix мелдешинде Казакстан, Орусия, Голландия жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн 80ден ашык велосипедчиси жарышка түшүштү.

Быйылкы өткөн Yssyk-Kul Grand Prix мелдеши бешинчи жолкусу болуп эсептелет, ага төрт өлкөнүн 82 велосипедчиси катышты.

IMG_1945

IMG_2030

IMG_2046

60 чакырымдык узун жол Тамга жана Аксай айылдарынын ортосунда жайгашкан. Анча тажрыйбалуу эмес спортчулар 40 чакырымдык жолдо жарышка түшүү мүмкүндүгүнө ээ болушту.

IMG_2077

IMG_2094

IMG_2192

«Yssyk-Kul Grand Prix [ар жыл сайын] индивидуалдуу, биз жыл сайын жолдорду алмаштырууга аракет кылабыз. Бүгүн 60 чакырымдык веложарышка жети кыз-келин жана 39 эркек катышты. Калгандары 40 чакырымды түзгөн велотурдун марасына чейин жетишти», — деди Kloop.kgге веложарыштын уюштуруучусу Елена Полченкова.

Эркектер арасында биринчи орунга кыргызстандык Мамыркан Урмамбетов ээ болду.

«Мелдештерге эки ай даярдангам, ошондуктан мен жеңишти күткөм. Жарышка катышууга казак бир туугандар көп келишкен жана өзүбүздүн чеберчилигибизди көрсөтүү керек болду», — деди ал сыйлоо аземинен кийин.

IMG_2373

Кыз-келиндер арасында марага Казакстандан келген Екатерина Степова биринчи болуп жетти.

«Жарышка чыккан сайын мен жеңишке жетүү үчүн бардык күчүмдү жумшоого аракет кылам, бирок [жеңишке жете тургандыгыма] дайыма ишенбейм», — деди ал жарыштан кийин.

Видео: Азамат Каработоев, Даниил Ляпичев
Сүрөт: Даниил Ляпичев