Боом капчыгайында жаңы таш түшүү коркунучу бар экендигинен улам Транспорт министрлиги андагы таштарды атайын түшүрүү иштерин баштады. ӨКМдин маалыматы боюнча, акыркы үч айдын ичинде капыгайда беш жолу, 2016-жылдын башынан бери жети жолу таш түшкөн.

Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетов Kloop.kgге курган маегинде таштарды атайылап түшүрүү иштери анда таш түшүү «ыктымалдыгынын жогору экендигинен» улам жасалып жатканын билдирди.

Анын айтымында, «Комплекстүү гидрогеологиялык кыргыз экспедициясы» Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жалпысынан 112 кооптуу жер бар экенин аныктаган.

Ишкананын маалыматы боюнча, учурда ал жолдо 94 сел жүрүү, 16 таш-топурак түшүү жана эки жер көчкү жүрүү коркунучу жогору бөлүк бар.

Таштарды атайылап түшүрүү иштери менен «Верхолаз» компаниясынын кызматкерлери алектенишет. Досумбетов Kloop.kgнин кабарчысына адистер аткарылчу жумуштардын көлөмүн аныктай баштагандыктарын айтты.

Ал таштарды түшүрүү иштери айдоочулардын жолдон өтүүсүнө тоскоолдук кылбай турганын, анткени ал иштер аткарыла турган аймак тосулган болорун кошумчалады.

Ысык-Көлгө бара жаткан жолдун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө таштардын түшүүсү 2016-жылдын апрелинде көп каттала баштаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы үч айдын ичинде капчыгайда беш жолу таш түшкөн. ӨКМдин басма сөз катчысы Эльмира Шерипова Kloop.kgге жыл башынан бери таш түшүү катталган жети учур болгонун билдирди.

Боом капчыгайындагы андай учурлардын биринде (июлдун аягында) бир киши каза болгон. ӨКМ анда тоодон түшкөн таштар жол аркылуу өтүп бара жаткан ичинде 11 киши бар автоунааны жаап калганын билдирген. Окуянын жыйынтыгында, жүргүнчүлөрдүн бири ооруканага жеткирилген.

Кылыч Досумбетовдун айтымында, таштардын түшүүсү нөшөрлөгөн жаандан улам болууда.

«Боом капчыгайындагы сел жүрүү, таштардын түшүүсү жана жер көчкүлөрү сыяктуу кырсыктар жаап жаткан нөшөрлөгөн жаандарга байланыштуу», — деди ал.