Кайгуул милициясынын кызматкерлери унаасынын айнектерин караңгылаткандыгы жана техникалык документинин жоктугу үчүн КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевге айып пул салды. Эл өкүлү азырынча  айып пулду төлөй элек.  

4-августта Бишкектеги Ахунбаев көчөсүнүн Жал кичи районунан алыс эмес бөлүгүндө социал-демократ Кожобек Рыспаевге айып пул салынды. Кайгуул милициясынын кызматкерлери депутатты унаасынын алдыңкы айнектеринин караңгылатылгандыгы үчүн токтотушкан.

Кайгуул милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Таалай Бугубаев Kloop.kgге курган маегинде ошол эле жерден протокол түзүлүп, депутат Кожобек Рыспаевге айып пул жазылгандыгын, бирок азырынча эл өкүлү аны төлөй электигин билдирди.

«Мен биздин кызматкерлердин протокол түзүп жаткандыгы тартылган видеону өзүм көрдүм. Ал материалдар учурда административдик бөлүмдө. Андан (Рыспаев) азырынча айып төлөөгө келе электигин айтышты», — деди ал.

Өкмөттүн 18-июлдагы токтомуна ылайык, президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Жогорку соттун төрагасынын унаалары жана камактагыларды ташуучу транспорттордон башка унаалардын алдыңкы жана алдыңкы капталдагы айнектеринин караңгылатуусуна тыюу салынат.

Мурдараак Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын ага инспектору Тилек Оторов автоунаа ээлерин караңгылатылган айнектеринен арылууга чакырган. Ал «Фэйсбуктагы» баракчасы аркылуу милиция рейддерди өткөрүп, мыйзамды бузган айдоочуларга айып сала турганын эскерткен.

«2016-жылдын 18-июлунан тарта Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы токтому күчүнө кирет. Урматтуу айдоочулар, силерде алдыңкы жана капталдагы караңгылатылган айнектерден өз алдынча арылууга эки күнүңөр бар!», — деп жазган инспектор.

Жол активисти Айбек Баратов эл өкүлдөрүнүн мындай аракеттери «өкмөттү уят кылат» деп эсептейт.

«Ал депутат өз кызматын, мандатын уяткарууда, ал партияга жана жеке өзүнө болгон ишенимди кетирип жатат. Эл өкүлдөрү ал мыйзамды өзүлөрү кабыл алгандан кийин караңгылатылган айнектер менен жүрүүгө эч кандай моралдык укуктары жок. Ал (Рыспев) — өздөрүн мыйзамдан жогорумун деп эсептеген чиновниктердин ири өкүлү. Анын ордунда болсом мен мамлекеттин пайдасы үчүн айып пулду расмий барып төлөмөкмүн», — деди Баратов Kloop.kgге курган маегинде.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн депутаттын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кайгуул милициясы мурдараак унаа токтотуу эрежесин бузгандыгы үчүн социал-демократ Анвар Артыковго да айып пул салган. Ал 2016-жылдын мартында Ботаникалык бакчадагы ишембиликке барып, унаасын автобус аялдамасына токтотуп койгон.

Анда Жол кайгуул милициясынын кызматкери административдик кодекстин бузулгандыгы тууралуу билдирип, ага 1 миң сом өлчөмүндө айып пул жазып берген. Бирок депутат документке кол койбостон айдоочулук күбөлүгүн калтырып кетип калган.

Кийинчерээк Артыков унаасын Ботаникалык бакчасындагы көкмайсанга токтотуп, ага дагы бир жолу айып пул салынган.