Жол милициясы унаасын тыюу салынган жерге токтоткондугу үчүн КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыковго айып пул салды — алгач ал унаасын аялдамага, андан соң Ботаникалык бактын чөптүү аймагына токтоткон. Азырынча депутат 2 миң сом өлчөмүндөгү айып пулду төлөй элек.

Унаасын тыюу салынган жерге токтоткондугу үчүн КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыковго 12-мартта айып салынган. Ал Ботаникалык бактагы ишембиликке барып, унаасын автобус аялдамасына токтотуп койгон.

Жол кайгуул милициясынын атайын батальонунун кызматкери эл өкүлү административдик кодексти бузгандыгын айтып, ага 1 миң сом өлчөмүндөгү айып пул жазган. Бирок депутат документке кол койбостон, айдоочулук күбөлүгүн калтырган бойдон кетип калган.

Андан соң депутат унаасын Ботаникалык бактын чөптүү аймагына токтоткондугу үчүн ага дагы бир жолу 1 миң сом айып пул жазылган.

Жол кайгуул милициясынын басма сөз катчысы Атыра Бекмурзаева Kloop.kgге курган маегинде айып пулдарды төлөөгө Артыковдо бир ай убакыт бар экенин айтты.

«Мыйзам боюнча, айыпты ал бир айдын ичинде төлөп, айдоочулук күбөлүгүн алып кете алат», — деди Бекмурзаева.

Артыковдун өзү «Кабарлар» агенттигине курган маегинде унаасын токтотууга ыңгайлуу жер таппагандыгын айткан.

«Унаа токтуу жайын чектешкен. Унаамды коюуга тыюу салышты», — деген депутат.

Парламентарий азырынча эки айып пулду тең төлөй элек.

Бул сыяктуу жол эрежесин бузуу учуру 2016-жылдын январында болгон. КСДП фракциясынан депутат Узарбек Жылкыбаев «Парламент-такси» долбооруна катышып, жүргүнчүнү шаарда коопсуздук курун тагынбастан ташыган.

Ал автоунаанын коопсуздук куру иштебендигин айтып, күнөөсүн мойнуна алуудан баш тарткан.

Дагы бир эреже бузуу 2014-жылдын февралында катталган. Анда мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун кызматтык унаасы тыюу салынган жерге токтотулган. Активист Айбек Баратов тарабынан тартылып алынган видео соцтүйүндөрдө популярдуу болгон. Окуядан кийин унаанын ээси айдоочусу менен сүйлөшө тургандыгын убадалаган.