Свердлов райондук соту 2016-жылдын январында кайгуул милициясынын инспекторун унаасынын капотунда сүйрөгөн 22 жаштагы Адилет Максутовду шарттуу түрдө бир жылга соттоо чечимин чыгарды. Мурдараак милиционер айдоочуга карата эч кандай дооматы жок экенин айтып, тосмо арыз жазган.

Свердлов райондук соту бишкектик Адилет Максутовго карата шарттуу түрдө бир жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Максутов ушул жылдын январынын аягында Кайгуул милициясынын инспекторун сүзүп, аны унаасынын капотуна сүйрөгөндүгү үчүн кармалган. Окуя инспектор Максутовдун унаасын токтотуп, анын айнегин караңгылатууга болгон уруксат кагазын талап кылгандан кийин болгон.

Максутовго каршы Кылмыш кодексинин 340-беренеси менен каралган «Укук коргоо органынын кызматкерин жана аскер кызматкерин өлтүрүү аракети» боюнча кылмыш иши козголгон. Ал беренеге ылайык, айдоочуга карата 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылышы мүмкүн болчу.

2016-жылдын февралында айдоочу кармалып, он күнгө тергөө абагына камалган.

Айдоочунун өзү «кылганына өкүнүп жатканын» айткан. Анын суракка алынгандыгы тартылган видео 24.kg маалымат агенттигинин Youtube сервисиндеги каналына чыккан.

Окуянын видеосу Bulbul видеохостингине жарыялангандан кийин ал ЖМКларда кеңири чагылдырылып, социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынган.


Кайгуул милициясы анда инспектор олуттуу жараат албаганын билдирген. Ал медициналык текшерилүүгө жөнөтүлүп, амбулатордук дарылануудан өткөн. Андан соң айдоочуга карата эч кандай дооматы жок экенин айтып, тосмо арыз жазган.