Азык-түлүк эмбаргосунун жоюлушу, туризмдин өнүгүшү жана Сирия. Путин менен Эрдоган кандай маселелерди талкуулашты?

Орусия менен Түркиянын президенттери ― Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин солгундашынан кийин алгачкы жолу Санкт-Петербургда жолугушту. Тараптар азык-түлүк эмбаргосунун жоюлушун, туризмдин жанданышын жана сириялык жаңжалдан чыгуунун жолдорун талкуулашканын жазып чыгышты басылмалар.

Путин менен Эрдоган 2015-жылы ноябрда Сириянын чек арасынан түрк аскерлеринин орусиялык Су-24 аба жардыргычын атып түшүргөнүнүн айынан өлкөлөр ортосундагы мамилелердин солгундашынан кийин алгачкы жолу жолугушту.

Russia Today басылмасынын маалыматы боюнча, тараптар Орусиянын жообу катары киргизилген анти-түрк санкциясын жокко чыгарууну, анын ичинде азык-түлүк эмбаргосун жоюу, туризмди жандандыруу жана ошондой эле «Түрк агымы» газ түтүгүн куруу менен сириялык жаңжалдын чечимин талкуулашты.

Түркия орусиялык аскер учукучун Сириянын чек арасынан жардыргандан кийин Орусия менен Түркиянын жакшы мамилелери «эң төмөн деңгээлге түшүп кеткенин» Владимир Путин моюнга алды.

«Аны менен бирге Түркиядагы ички саясий абалдын оордугуна карабастан сиздин келишиңиз, Түркия менен Орусия элинин кызыкчылыгы үчүн диалогдун жанданышын кааларыбызды билдирип турат», — деди Путин.

Ошондой эле ал 16-июль түнү Түркиядагы аскердик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин «ички саясий кризисти жеңүү боюнча колдоо пикирин» айтканын белгиледи.

«Мен биздин карым-катнаштар региондогу көптөгөн маселелерди чечүүгө чоң саламын кошот деп ишенем», — деп жооп берди Эрдоган.

Буга чейин ТАССка курган маегинде Эрдоган Путинди «досум» деп атап, орус лидери менен жолугушуудан кийин Орусия менен болгон мамиленин «жаңы барагы» ачылат деген.

Орусия менен Түркиянын мамилелери 2015-жылы ноябрда Сириянын чек арасынан түрк аскерлеринин орусиялык Су-24 аба жардыргычын атып түшүргөнүнөн кийин солгундаган.

Анда Түркия бир нече жолку эскертүүгө карабастан терроризмге каршы сириялык кампанияга катышкан орусиялык учукуч түрк аба мейкиндигине кирип кеткендиги үчүн аскер күчтөрү тарабынан жардырылган.

Орусиянын коргоо министрлиги бул маалыматты жокко чыгарган, а орус бийлиги Түркиянын бул аракетин «артынан саюу» деп атаган. Дипломатиялык жаңжалдан кийин орус аскерлери тарабынан түрк бийлигин «Ислам мамлекети» террористтик тобу менен нефтини мыйзамсыз сатууга катыштыгы бар деп күнөөлөгөн.

Орусия коргоо министрлиги болжолдуу түрдө Түркия менен Сириянын чек арасынан өтүп жаткан бензовоздордун спутник аркылуу тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. Ага жооп катары орус бийлиги түрк товарларынын импортуна эмбарго киргизген. Аны менен бирге туроператорлорго Түркияга жолдомолорду сатуусуна тыюу салып, баардык рейстерди токтоткон.

Эрдоган расмий кат аркылуу жардырылган учкуч үчүн 27-июнда Путинден кечирим сураган. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Lenta.ruга курган маегинде түрк лидеринин абалды жөнгө салууга кызыкчылыгы бар экенин билдирген. Кечирим суроонун артынан орус туристтеринин Түркияга кирүүсүнө тыюу салган жобо жокко чыгарылган. Бул окуя Стабулдагы Ататүрк атындагы аэропорттун жардыруусу менен дал келген.