Башмыйзамга өзгөртүүлөр: Текебаев референдумга каршы, бирок премьер-министрдин ролунун күчөшүн колдойт

Учурдагы Башмыйзамдын авторлорунун бири - Өмүрбек Текебаев референдумга каршы экенин, бирок парламент менен президент сунуштаган айрым өзгөртүүлөрдү колдоорун жарыялады.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 11-августта берген басма сөз жыйынында Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин колдобой турганын билдирди.

«Менин оюмча, 2020-жылга чейин Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө болот, бирок мындай жол менен эмес. Мен бул референдумду колдобойм. 2010-жылы Башмыйзам чукул убакытта даярдалган үчүн кыйла катачылыктарга жол берилген деп айтышкан, бирок өздөрү шашып жатышат. Бул элдин ишенимин жоготууга алып келиши мүмкүн», — деди ал.

Ага карабастан Текебаевдин айтуусу боюнча, Башмыйзамга делген айрым сунуштар киргизилиши керек - мисалы, премьер-министр менен министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн парламенттеги мандатынын сакталышын камсыздаган жана премьер-министрдин ролун күчөткөн норма. Текебаев 2010-жылкы Башмыйзамдын авторлорунун бири.  

«Моюнга алам, аткаруучу бийлигин күчтөндүрүш керек. Азырынча министрлер кабинети президенттик администрациянын көлөкөсүндө калууда. Биз Техникалык премьер-министрди дайындайбыз. Өкмөттү башкарууга чыныгы элдик колдоого ээ болгон саясатчы келиши керек. Ошондо ал мамлекеттик саясатты депутаттар менен президентке кылчактабай жүргүзүп, популярдуу эмес реформаларды өткөрө алат», — деп белгиледи «Ата Мекендин» лидери.

1018528059

Ошондой эле саясатчы «жогорку баалуулуктар» түшүнүгүн киргизүүгө каршы пикир билдирди. Анын айтымында, ал «улуттук коомго таасир этүүнүн куралына» айланып, «улутчулдук тенденциясынын» жаралышына алып келиши мүмкүн.

«Азыр дүйнөдө, мусулман дүйнөсүндө гана эмес, Европада дагы мындай тенденция пайда болду: организмдин ааламдашуу процессине жооптуу реакциясы катары улутчулдук, динчилдик жанданып жатат. Ошондуктан политтехнологдор ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бул тенденцияны колдонууну сунушташат - улутчулдук менен динчилдикти, динди гейлерге каршы. Ким добуш бербесе ал көгүш. Эгер КТРК ушул пропаганданы жүргүзсө элдин бары добуш берет. Барбай койсоң шермендесиң», — деди ал.

Баш мыйзамдагы «миналар»

Буга чейин президенттин администрация жетекчиси Фарид Ниязов «АКИпресске» курган маегинде «бир адам бардыгын чечпеш үчүн, жаңы үй-бүлөлүк режим пайда болбош үчүн» өзгөртүү киргизүү зарыл деген.

«Киргизиле турган өзгөртүүлөр алардын бири дагы өзүнүн алдына бардыгын басып калбоону болтурбоого; президенттин коопсуздукту сактап, тышкы саясатты аныктоосуна, парламент менен өкмөт мышык менен иттей болбой, өлкөнү өнүктүрүүсүнө, парламенттин башкаруучу абалын сактоодо биригип аракеттешүүсүнө алып барат. Ошондо бардыгы президентке көз каранды болбой калат. Бул коопсуздуктун жана көз карандысыздыктын кепили», — деп эсептейт Ниязов.

Atambaev-Farid-Niyazov

Администрация жетекчиси БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өмүр бою кесилгендигине байланыштуу талаптарын «кемчилик» деди.

«Эми Аскаровдун окуясындагыдай адам өлтүрүү иши эмес, а этникалык топтор ортосундагы мамилелер, мамлекетер аралык мамилелер боюнча иштер каралып жатканын элестеткиле, анда дагы адам укугунун бузулушун айтышабы? Ооба, кыргыз мамлекети эл аралык уюмдун сунушун четке кага алат, бирок коомдук пикир козголду, ага чет мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасирин кошолу. Интернет доорунда! Демек, мындай миналар турганда, төрт жыл күтүү жоопкерчиликсиз», — деп белгилеген ал.

Аны менен бирге Ниязов жогорку баалуулуктар түшүнүгүн «олуттуу иштеп чыгуу керек» экенин айткан.   

«1-беренеде берилген норманы преамбулага айландыруу керектиги азыр көрүнүп турат. Аларга болгон нормалык жүктү азайтуу. Иштеп жаткан Баш мыйзамдын күчтүү преамбуласынын маанисин өзгөртпөстөн көлөмүн кыйлага азайтып, жогорку баалулуктады көрсөтүү. Ошондой эле өзгөртүүлөр укуктарга доо кетирген мыйзамдарды кабыл алуу үчүн киргизилип жаткандыгы айтылууда», — деди администрация жетекчиси.

«Адам укуктары боюнча маселелер»

9-августта жасаган кайрылуусунда Мамлекеттик укук коргоочу Кубат Оторбаев «Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилиши адам укуктары маселесинде жана бийлик системасындагы тең салмактуулуктун түзүлүшүндө белгилүү суроолорду жаратат» деди ал.

1025643835

Анын ою боюнча, кабыл алынган өзгөртүүлөр мамлекеттин түзүмүндө «олуттуу кыйроо» жаратышы мүмкүн. Анткени Конституциялык палатанын позициясы кыйла бошоңдойт.

«Конституциялык палатанын тиги же бул мыйзамды кароосунда жооптуу тарап катары Жогорку Кеңеш же президент чыгышы мүмкүн. Анда алар иштин жүрүшүндө кызыкчылыгы бар юридикалык күч болуп калышат. Муну менен бирге Конституциялык палатанын чечимине макул болбогон учурда парламент менен президент укук системасынын үстөмдүгүн түзүп калат. Андай болгон учурда жөнөтүү көз карандысыз болбой калат, бул авторитардык мамлекеттерди мүнөздөйт. Андан дагы, ал мыйзам сөзсүз кабыл алынат», — деди Оторбаев.

Омбудсмен өзгөртүүлөр салмакталып 2010-жылкы Баш мыйзамдын принциптерине, жана ошондой эле адам укуктары боюнча эл аралык нормаларга негизделиши керек деп эсептейт.

КСДП фракциясынн лидери Иса Өмүркулов омбудсмен менен макул эмес. Ал түзөтүүлөр авторитаризм жолуна алып барат деп эсептебейт.

Анын ою боюнча алар парламент менен өкмөттүн ролун бекемдешет - акимдер аймактык кеңештин депуттарынын «туткуну болбой» калышат, а парламент мүчөлөрү министрлер кабинети менен макулдашпай туруп мыйзам кабыл албай калышат деди ал.

«Мен түшүнүп турам, эгер конституциялык палатанын корутундулары өлкө башчынын аппаратына жөнөтүлсө, мындай учурда ал коомдун бардык катмары менен сунушталган орган - парламентке берилет. Анда Конституциялык палатанынын корутундусун кароодо ката кетирүү жокко чыгарылат», — деди Өмүркулов 24.kgге курган маегинде.