Риодогу жетинчи күн: Жаңжалдар, ээн баштыктар жана бош орундар

Камакка алынган белгиялык дзюдочу, сүзүүчүлөрдүн жаңы рекорддору жана жабылган жашыл бассейн. Kloop.kg Риодогу Олимпиада оюндарынын жетинчи күнү боюнча кызыктуу окуяларды чогултту.

Медалдык эсеп боюнча алдыңкылыкты Америка Кошмо Штаттары ээлеп келүүдө, экинчиликти Кытай камсыздап, ал эми үчүнчү орунга Улуу Британия бекемделди.

Rio2016_day7

Фелпс сингапурдук сүзүүчүдөн жеңилди

Сингапурдук сүзүүчү Джозеф Скулинг өзүнүн кумири Майкл Фелпсти 100 метр баттерфляй менен сүзүүдө жеңди. 22-олимпиадалык чемпионду утуу менен, Скулинг жаңы олимпиадалык рекордду койду. Ал 50.39 секундду түздү. Бул алтын байге Сингапурдун тарыхында алгачкысы. 

Rio2016_Phelps

Фелпске салыштырмалуу Скулингдин байге куржуну чоң эмес - анын жетишкендиги катары 2015-жылдагы Дүйнөлүк мелдеште багындырган коло медалы жана Азия оюндарындагы жеңиши көрсөтүлөт. Лондондогу Олимпиадада сингапурдук спортчу жарым финалга да өтпөй калган.

Олимпиададагы алтын үчүн Сингапурдун бийлиги Скулингге миллион сингапур долларын (753 миң АКШ доллары) убада кылган. Эми мекенине барары менен сүзүүчү бай адамдардын катарын толуктайт.

Египеттик дзюдочу израилдик каршылашы менен кол алышкан жок

Египеттик Ислам Эль-Шехаби татамиге чыгып, израилдик дзюдочу Ор Сассондон жеңилди. Күрөштөн кийин Сассон Эль-Шехабиге кол алышуу үчүн (дзюдодо бул протоколдук элемент эмес, күрөштүн башында жана аягында ийлип коюу жетиштүү) жакындаганда египеттик спортчу башын чайкап, артка чегингени кызыгууну жаратты.

Rio2016_Egypt_IsraelБул үчүн көрүүчүлөр аны ышкырык менен коштоп, калыс мүчөсү анын жүгүнүүсүн буйруду - Эль Шехаби шашылыш башын ийкеп, мелдеш аянтынан чыгып кетти.

Эл аралык дзюдо боюнча федерация өзүнүн шашылыш түрдөгү дипломатиялык билдирүүсүндө, спортчулар ортосундагы бул мелдеш — чоң прогресс экенин айтып чыкты.  

«Эки өлкөнүн спортчуларынын мелдеште беттешүүсүнүн өзү чоң прогрессти түшүндүрөт. Араб өлкөлөрү Израилди кабыл алганы - алдыга болгон чоң кадам. Дзюдодо кол алышуу милдеттүү эмес, ал эми жүгүнүү аткарылышы керек», — деп билдирүү жасады федерация.

Египет аскердик жаңжалдардан кийин Израиль менен тынчтык келишимин түзгөн дүйнөдөгү алгачкы араб өлкөсү. Египеттик басылмалар Эль-Шехабини күрөштөн баш тартуусуна чакырган, бирок саясат менен спортту чаташтырбоону каалаган өлкөнүн спорт министри спортчуну колдогон.

Хиджаб кийген штангачы Египетке алгачкы байге алып келди

Египеттик 18 жаштагы штангачы Сара Ахмед 69 килограммга чейинки салмакта коло байгенин ээси болду. Мелдеш аянтына спортчу хиджаб менен чыккан (2011-жылы Эл аралык оор атлетика федерациясы мелдеш учурундагы кийимге болгон эрежени мусулман аялдарынын пайдасына өзгөрткөн — редакциядан).

Rio-rueb9bdc507de1112

Ахмед оор атлетика боюнча бейгеге жеткен алгачкы араб аял спортчу. Ошондой эле ал Египетке олимпиадалык жеңиш алып келген биринчи аял заты.

«Мага сөз табыш кыйын болуп турат. Өз өлкөмө бейге алып келүү мен үчүн сыймык. Менин ийгилигим башка кыздарга оор атлетика менен машыгууга түрткү берет деген үмүттөмүн», — деди Ахмед.

Уюштуруу комитети суусу жашыл өңгө боёлгон бассейнди жапты

Бардык коркунучтардын алдын алуу үчүн Олимпиаданын уюштуруу комитети мындан үч күн мурун суусу жашыл өңгө боёлган бассейнди химиялык толук тазалоодон өткөрүүнү чечти.

Rio2016_greenpool

Бул окуя сууга секирүүчү спортчуларды кубантты, бирок ошол эле учурда кооптонууну жаратууда: «Бассейн жабылды, бул биздин акыркы күндөрдө зыяндуу кошулмасы бар сууда сүзгөнүбүздү тастыктабайт деп ишенгибиз келет», – деп жазган өзүнүн твиттер-аккаунтуна британиялык спортчу Том Дэйли.

Башында оюндун уюштуруучулары бассейндеги суунун өңүнүн өзгөрүшүн ысык аба ырайынын айынан балырлардын кошулуп кетүүсү жана шамалдын жоктугу менен байланыштырышкан. Алгач хлор менен тазалоо жардам бербей, тескерисинче тоскоолдук жараткан - айрым спортчулар, өзгөчө ватерполисттер көздөрү ачышканына арызданышкан.  

Рио полициясы белгиялык дзюдочу Дирк ван Тихелтти камакка алды

Бельгиялык дзюдочу Дирк ван Тихелт мейманканадагы эшикти талкалап, администраторго кол салгандыгы үчүн камакка алынды. Тихелт мейманкананын кызматкеринен анын колунан телефонун жулуп кеткен ууру кыздын кайда экенин айтуусун талап кылган. Администратордун ууру кыздын жок экенин айткан жообунан кийин спортчу менен мейманкана кызматкеринин ортосунда жаңжал чыккан.   

Rio2016_Tichelt

Дзюдо боюнча мелдештин финалынан кийин Копакабананын жээгинен ууру кыз коло байгенин ээси Ван Тихелттин колунан уюлдук телефонун жулуп кеткен. Спортчу өз буюмун кайтаруу аракетинде көзүнө муш жеген.

Сүзүүчү Кэтлин Ледеки дүйнөлүк жана олимпиадалык рекордду койду

АКШлык спортчу Кэтлин Ледеки эркин түрдө 800 метр аралыкты 8 мүнөт 04.79 секундда сүзүп өтүп, катары менен эки рекорддун ээси болду: олимпиадалык жана дүйнөлүк. Ал өзүнүн каршылашы, Улуу Британиялык Джазз Карлинди 12 секундга артта калтырды.  

Rio2016_pool

Рио стадиондору бош орундарга толду

Рио Олимпиадасы көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырган жок. Түз берүүлөрдөн, көрүүчүлөр үчүн орундар бош болуп турганы байкалып турат. Ага карабастан, уюштуруучулар билеттердин 80 пайызы сатылганын билдирүүдө. Экономикалык кризистин шартында жергиликтүү калктын акча каражаты жокко эсе, ал эми Бразилияга баргандар чет элдиктердин саны аз.  

Бразилиялыктар өлкөсүнүн Олимпиада оюндарын өткөрүшүнө каршы болушкан. Ошол себептен оюндун башталышы алдында, мамлекет бюджеттен өтө көп карадат жумшап жатат деген жүйөө менен ири каршылык акциялары өткөрүлгөн.

Суу жээгиндеги волейбол

Rio2016_Vlbll

Бул АКШ менен Фиджинин кыздар командасынын регби боюнча беттешиндеги аншлаг

Rio2016_stadium

Бразилияда популярдуу болгон футбол Олимпиадада көп кызыгууну жараткан жок

Rio2016_stadium1

Сүзүү боюнча мелдеш айдоочунун спортчуларды башка стадионго жеткирип салганы үчүн кечиктирилди

Сүзүү боюнча Рио-2016 түнкү мелдеши кеч башталды, анткени автобустун айдоочусу үч спортчуну суу стадионуна жеткирүүнүн ордуна жеңил атлетика аянтына алып барган. 

Rio2016_swimming

Франсеска Халсолл (Улуу Британия), Жанетт Оттесен (Дания) жана Александра Герасименянын (Беларусия) эркин түрдө 50 метр аралыктагы мелдештин жарым финалында жарышуусу күтүлгөн. Автобустун айдоочусу башка жерге кетип баратышканын байкаган спортчулардын нааразычылыгына көңүл бурган эмес.

«Тилекке каршы, бүгүнкү мелдеш менин айыман токтоп калды. Айдоочу бизди бассейнден карама-каршы тарапта, 40 мүнөт алыстыкта жайгашкан олимпиадалык стадионго жеткирди. Мен спортчулар кыштагына кайтып келип, анан бассейнге келдим. Бул окуянын айынан абдан толкунданып жаттым», – деди Халсолл Би-Би-Синин берүүсүндө.

Бул окуядан кийин уюштуруучулар убакыттын кечки тартипбин өзгөртүштү – эркин түрдө 50 метр аралыкта сүзүү боюнча мелдеш жарым саатка кечиктирилди. Анын ордуна байге ыйгаруу аземи өткөрүлдү. Ал эми жарыштын жыйынтыгы боюнча, Халсолл менен Грасименя финалга чыгып, Оттесен бейгеге болгон күрөштөн чыкты.

Күндүн видеосу: Веложарышынын жеңүүчүсү байге тапшыруу аземинде тилин көрсөттү  

Командалык жарышта утушка ээ болгон британиялык веложарышчы Брэдли Уиггинс, гимн аткарылып жатканда тилин көрсөттү.