Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнүнө карата жана КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусунун алдында борбордук көчөлөрдөн билборддорду демонтаж кылууда. Абдрахманов, Жибек Жолу, Чүй жана Айтматов проспекттери көрнөк-жарнактардан тазаланууда.

Демонтаж иштери «шаардыктардын ыңгайы» үчүн кечки сааттарда жасалууда. Айтматов проспектинен билборддор алынып салынды. Учурда Абдрахманов көчөсүндө демонтаж иштери жүрүүдө.

Толугураак: Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн көрнөк-жарнактар 2016-жылдын аягына чейин алынат

Ушул жылдын аягына чейин мэрия 200 көрнөк-жарнакты демонтаж кылууну убадалоодо. Мэриянын басма сөз кызматкеринин айтымында, демонтаж иштери КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусунун алдында жана Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жүргүзүлүүдө.

Видео: Айзирек Алмазбекова, Александра Ли