Мамлекеттик спорт агенттиги допинг тууралуу Артыковдун медалынан ажырашына чейин билген

Оор атлетчи Иззат Артыков жана анын тренери Олимпиада учурунда допингди колдонгонун четке кагышууда. Мамлекеттик спорт агенттиги соттун чечимине чейин допинг тууралуу көйгөйдү билгендигин айтты.

Артыковдон байкоо иретинде 9-августта мелдештен кийин анализ алышкан. Бул тууралуу мамлекеттик спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов «Азаттыкка» курган маегинде айткан.

Анын айтымында, үч күндөн кийин кыргыз спортчусуна анын биринчи «A» пробасы оң жыйынтык бергендигин, андан тыюу салынган стрихнин затын табылгандыгын айтышкан. Экспертизанын жыйынтыгы жарыяланган соң Кыргызстандын спорт делегациясы тесттин ишенимдүүлүгүнө ынаныш үчүн экинчи байкоо иретиндеги «B» пробасынын ачып көрсөтүүнү өтүнгөн.

«15-август күнү кечинде Эл аралык олимпиада комитети оң жыйынтык берген «А» жана «В» тестинин документтерин Эл аралык спорттук арбитражга берген. 18-августта Бразилиянын сааты боюнча 13:00дө биз Эл аралык спорттук арбитраждын расмий чечимин алдык — Артыковду медалынан ажыратышты», — деп айтты Аманкулов.

Ал Артыковго карата дисциплинардык жазаны Эл аралык оор атлетика боюнча федерациясы кабыл аларын кошумчалады. Улуттук олимпиадалык комитеттин өкүлдөрүнөн жана мамлекеттик агенттиктен түзүлгөн комиссия иштин бардык жагдайларын изилдейт.

Кыргызстандын оор атлетика боюнча федерациясы Спорттук арбитраж сотунун чечимин даттанат жана Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттикке (WADA) кайрадан анализ тапшырууну өтүнүп кат жазат.

«Чучук жеп, Flash ичип»

Кыргыз оор атлетчиси допинг колдонгондугун четке кагып, Спорттук арбитраж сотунун чечимине, аны Кыргызстандын Олимпиадалык оюндарындагы алган жалгыз коло медалынан ажыраткандыгы үчүн даттанаарын айтты.

Тема боюнча: Рио-2016: Коло медалдан ажырган Артыков допинг тууралуу айыптоолорду даттанат

Спортчунун машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров дагы окуучусунун допинг колдонгонун четке кагууда. Анын айтымында, Артыков «диета кармаган эмес, чучук жана икра жеген, аминокислоталарды жана поливитаминдерди колдонгон, Flash энергетикалык суусундугун ичкен».

Ал Кыргызстандык штангачынын медалынан ажырашы — бул Артыковдон кийинки коло медалга бир кадам жетпей калган колумбиялык спортчунун «оюну» деп эсептейт.

«Биз Колумбиянын кандайдыр оюну бар деп ойлойбуз. Француз текшериш керек экендигин айта баштады. Мунун бардыгы калп. Эгер, Иззат допинг колдонгон болсо, анда стероиддер табылмак, аны менен бирге орусиялык жана башка штангачыларды кармашат. А бул жерде кандайдыр бир стрихнин, кандайдыр бир уу, мындайды биринчи угушум», —дейт Майназаров.

Пробадагы стрихнин

Спорттук арбитраждык соту 18-августта допинг-тесттин оң жыйынтык бергени үчүн кыргыз оор атлетчиси Иззат Артыковдун коло медалын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Анын тестинен тыюу салынган стрихнин заты аныкталган.

Тема боюнча: Стрихнин — Артыковду колодон кол жуудурган бул эмне болгон зат?

Бул зат уулуу жана таркатууга чек коюлган. Бирок даарылоо өлчөмүндө пайдаланылган учурда кызыткыч таасирге ээ — көрүү, даамдоо, угуу жана тактилдик сезимдерди жакшыртып, жүрөк булчуңун жана сөөк эттерин сергитет.

Артыков 69 килограмм салмагында Кыргызстандын жалгыз медалын багындырган. Ал көтөргөн жалпы салмак 339 килограммды түзүп, ага мыкты үчилтикке кирүүгө шарт түзгөн. Алтынды кытай спортчусу Ши Жиенг, күмүштү түркиялык Данияр Исмаилов алган.

Мурдараак франциялык оор атлетчи Бернардин Кингу Матам Олимпиадада 7-орунду алып, алдыңкы беш орунду алган өз атаандаштарынын чынчылдыгынан күмөн санаган. Эгер «чынчыл күрөш» болгондо байгелүү орундарды алам деп ишенген. Артыков муну «жөн гана көрө албастык» деп атаган.