Рио-2016: Коло медалдан ажырган Артыков допинг тууралуу айыптоолорду даттанат

Допингдин айынан коло медалынан ажыраган кыргыз штангачысы Иззат Артыков кызытма колдонбогондугун далилдейт.

Артыков Kloop.kgге курган маегинде, допингдин айынан коло медалдан ажырап калганына ишенбесин айтты. Кыргызстандык 69 килограмм салмакка чейинки оор атлетика боюнча өлкөгө медал алып келген жалгыз спортчу.

«Мындай болушу мүмкүн эмес. Мен азыр Токтогулдамын, мен бул тууралуу кечээ гана уктум. Азыр шаарга баратам. Тренер чалып, мени сүйлөшүүгө чакырды. Мен дагы бир жолу айтам, мындай болушу мүмкүн эмес», — деди ал.

Артыковдун айтымында, ал допинг колдонгон эмес. Ал өз сөзүндө аны медалынан ажыратып, олимпиададан четтеткен Спорттук арбитраж сотунун чечимин даттанаарын айтты.

«Мен мелдештен кийин анализ тапшыргам. Кечээ мага медалдан ажыраганымды айтышты. Мен допинг колдонбогонумду далилдейм. Мен бул ишти кантип жөн калтыра алам? Мындай болушу эч мүмкүн эмес. Жубайым дагы кечээ укуп, ал дагы шок болуп калды», — деди ал.

Улуттук олимпиадалык комитеттин (УОК) басма сөз борборунун кызматкери Айсулуу Маратова кыргыз делегациясы учурда Рио-де-Жанейродо болгондугу үчүн мекеме азырынча эч нерсе айта албасын Kloop.kgге билдирди.

«Алар бизге азырынча эч кандай тапшырма бере элек. Артыков боюнча жаңылыктардан уктук», — деп айтышты УОКтон.

Спорттук арбитраждык соту 18-августта допинг-тесттин оң жыйынтык бергени үчүн кыргыз оор атлетчиси Иззат Артыковдун коло медалын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Анын тестинен тыюу салынган стрихнин заты аныкталган.

Тема боюнча: Стрихнин — Артыковду колодон кол жуудурган бул эмне болгон зат?

«Анын медалы жокко чыгарылып, ал Рио-2016 Олимпиада оюндарынан четтетилди жана анын лицензиясы тартылып алынды», — делет соттун пресс-релизинде.

Спортчуга карата мындан аркы чечимдерди Оор атлетика боюнча эл аралык федерация кабыл алат.

Соавтор: Александра Титова