Казакстан: Кыргызстандыктар «террористтик чабуул пландагандыгы» үчүн кармалышты

Кыргызстандын жана Казакстандын төрт жараны Казакстандын аймагында террордук чабуул жасоону пландаган деген айып менен кармалышты. Бул тууралуу Казакстандын атайын кызматтары билдирди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда абалды тактап жатат.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы төрт кыргызстандык менен казакстандык жаран 18-августта Алматы шаарында кармалгандыгын билдирген. Атайын кызматтардын маалыматы боюнча алар радикалдык топтун мүчөлөрү болгон.

«Кармалгандардын жашаган жайларынан жана атайын жасалган жашыруун кампаларынан  […] жардыргыч жасоочу компонентер, диний-экстремисттик материалдар табылды», — деп айтылат маалыматта.

Комиттет мындан тышкары колго түшүрүлгөндөр казак полициясына, аскер бөлүктөрүнө жана атайын кызматтардын бөлүктөрүнө, ошондой эле «эл көп чогулган жерлерде» кол салууну пландашкандыгын билдирди.

Казакстандын атайын кызматтары Кыргызстандын канча жараны кармалгандыгын такташа элек.

Kloop.kgге министрликтин маалымат кызматы «ТИМ Казакстанга сурам жөнөттү. Азыр жооп күтүп жатабыз. Казакстан алыс өлкө, качан жооп болот, билбейбиз» деп жооп берди.

Үстүбүздөгү жылдын июнь жана июль айларында Казакстанда эки кол салуу болгон. 5-июнда казак бийлиги «диний агымдын радикалдары» деп атаган белгисиз адамдар улуттук Гвардиянын аскердик бөлүгүнө кол салып, эки курал сатуучу дүкөндү тоношкон. Кол салуунун жыйынтыгында алты адам каза таап (алардын ичинде кол салгандардын үчөө), 10 адам жаракат алган.

Июлдун ортосунда Алматыда болуп өткөн атышууда беш адам каза таап, алардын үчөө полиция өкүлдөрү эле. Дагы жетөө жаракат алган.

Алмалы районунун ички иштер башкармалыгына 18-июлдун таңында куралдуу кол салуу болгон. Ушул эле убакта Николь соборунун аймагында куралдуу адам башаламан ок чыгарган. Бир аз убакыттан соң жол кыймылын тейлөөчү патрулдук милицияга кол салынган.

Укук коргоо органдары Казакстандын борбору Астананы кайтаруунун күчөтүштү. Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев бул окуяларга терроритстик акт деп баа берген.

Иллюстративдик сүрөт