УКМК: Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанындагы ок атышуулар — «экстремистти» колго түшүрүү операциясы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы (УКМК) 23үнөн 24-августка караган түнү ыкчам бөлүктүн аскерлери «тыюу салынган экстремисттик уюмдун» мүчөсүн кармагандыгын билдирди. Жабырлануучулар жок, болгону күбөлөр ок атууларга даттанышты.

УКМК маалымдагандай, 23-августтан 24-августка оогон түнү алардын кызматкерлери «жашыруун террористтик топтун лидерин кармоо боюнча операция» жүргүзүшгөн.

Пресс-релизде маалымдалгандай, кармалган адамдын жанынан тапанча, граната, детонатордук шнур, ок-дарылар жана «үч уюлдук аппарат жана электрондук түрдөгү джихаддык материалдар» табылган. Кайсы террористтик уюм экендиги такталган жок.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге түнү УКМК тыюу салынган экстремисттик уюмдун мүчөсүн колго түшүргөндүгүн тастыктады.

«УКМК маалымат берип жатат, анын так же так эместигин билбейм. Алар бул атайын операция эмес, жөн гана колго түшүрүү деп жатышат. Ким кармалгандыгы тууралуу маалымат бизге белгисиз. Бирок алар бул тыюу салынган экстремисттик уюмдун мүчөсү деп жатышат. Аны колго түшүрүүдө жабырлангандар болгон жок», — дейт Осмонбаев.

Түгөлбай-Ата жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги ок атышуулар тууралуу билдирүү 23-август түнү келип түшкөн. Окуянын күбөсү Анастасиянын айтымында, операция убагында бир адам колго түшүрүлгөн.

«Бизге буга кийлишпөөбүздү буйрушту, анткени атайын аскерлер иштеп жатышыптыр. Бизге муну кадыресе күнүмдүк кийимчен адамдар айтышты. Бирок андан кийин милициянын атайын бөлүгүнүн аскерлери пайда болушту», — деген ал.