Бийлик КМШнын саммити бүткөнгө чейин Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салды

Митингдер борбордук Ала-Тоо аянтында, эски аянтта жана парламенттин имаратынын жанында өткөрүлбөшү керек. Чектөөлөр майрамдык иш-чараларга даярдануу жана аларды өткөрүүгө байланыштуу түшүндүрүлүүдө.

Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Канатбек Айдаров Kloop.kgге Бишкектин борбордук бөлүгүндө митнг өткөрүүгө тыюу салынгандыгын бышыктады.

Анын айтымында, митингдерди Ала-Тоо аянтына, эски аянтка жана парламенттин имаратынын жанында өткөрүүгө тыюу салынып, чечим 15-сентябрга чейин күчүндө болот.

Айдаровдун айтымында, чектөөлөр 31-августтагы Эгемендик күнүн, 3-8-сентябрда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана 16-17-сентябрда өткөрүлүүчү КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитине даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байланыштуу.

Администрация башчысы митингге чыгуучулардын укугу бузулду деп эсептебейт, анткени каршылык көрсөтүү акцияларын өткөрүү үчүн башка жайлар бар.

«Биз толугу менен тыюу салган жокпуз, эгер кандайдыр маселелер болсо, башка жайларда, мисалы Горький паркында, Билим берүү министрлигинин алдында же КУУнун имаратынын алдында митинг өткөрө беришсин», — деди ал.

КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммити Бишкек шаарында 16-17-сентярларда өткөрүлөт, бирок чектөөлөр ушул күндөрдү да камтыйт.

Турак жай маселелери менен алектенген «Биздин укук» корунун укук коргоочулары 1-сентябрда парламенттин имаратынын жанында Жер жана турак жай кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө каршылыгын билдирген митинг өткөрүүгө даярданып жатышкан.

Кордун өкүлү Светлана Андропова Kloop.kgе акция тыюу салууга карабастан өткөрүлөрүн, анткени тынч жыйындарды өткөрүү — жарандардын конституциялык укугу экенин билдирди.

«Бизди эч ким тыюу салуулар тууралуу эскерткен жок. Ошондуктан биз мурда пландагандай эле Ак үйдүн алдына митингге саат 8.30да чыгабыз. Бул биздин конституциялык укугубуз. Анын үстүнө тынч мтитингдерди өткөрүүгө мыйзам чектөөлөр коюлган эмес», — деди ал.

Чектөөлөр киргизилгендиги Билим берүү министрлигинин имаратынын жанында өткөрүлгөн КУУнун окутуучуларынын митингинен кийин белгилүү болду.

Анда митингчилерге ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкери келип, аларга Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө болбой тургандыгын, себеби  Биринчи Май сотунун чечими боюнча тыюу салынган деп билдирген.