Сүрөт: Москвада өрттөн каза болгондордун сөөктөрү Ошко жеткирилди

Москвадагы басмаканада өрт өмүрүн алып кеткен 14 кыргызстандык кыз-келиндин сөөктөрүн тосуп алуу үчүн Ош аба майданына каза болгондордун туугандары келишти.

IMG-20160829-WA0015-1068x601

Набыт болгондордун сөөктөрүн алып келген учак Ош аба майданына 29-августта саат 21:20да конду. Атайын бортту каза болгондордун туугандары жана ӨКМнин өкүлдөрү тосуп алышты.

Өрттөн набыт болгон кыздардын туугандары.
Өрттөн набыт болгон кыздардын туугандары.

gruz-200-osh-04

Сөөктөрдү тез жардам кареталарына жана ӨКМнин унааларына жүктөп, райондорго жеткирүү үчүн алып кетишти. Ар бир унаада каза болгон адамдын сөөгү менен тууган жана ӨКМнин кызматкерлери бар.

Сөөктөрдү жүктөп кеткен тез жардам кареталары.
Сөөктөрдү жүктөп кеткен тез жардам кареталары.

Оштон кийин учак Бишкектин «Манас» аба майданына багыт алып, калган сөөктөрдү туугандарына жеткирип берет.

gruz-200-osh-03

Сөөктөрдү унааларга жүктөгөндөн кийин туугандары Ош аба майданынан чыгып баратышат.
Сөөктөрдү унааларга жүктөгөндөн кийин туугандары Ош аба майданынан чыгып баратышат.
Өрттө каза болгондордун тизмеси:
  1. Жумадылова Нурай Азаматовна, 10.09.1998-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Акбулуң айылынын тургуну;
  2. Бообекова Гульбара Джумабековна, 16.07.1971-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарынын тургуну;
  3. Раимкулова Динара Исмаиловна, 10.08.1983-жылы туулган, Жала-Абад облусунун Сузак районундагы Кыз-Көл айылынын тургуну;
  4. Абдуганиева Жаркынай Убайдуллаевна, 16.02.1982-жылы туулган, Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылынын тургуну;
  5. Базарбай кызы Айсулуу, 01.01.1993-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тургуну;
  6. Азимжан кызы Махигуль, 03.12.1995-жылы туулган, Жала-Абад облусунун Ноокен районундагы Курулуш айылынын тургуну;
  7. Камчыбекова Алмаш Курманбековна, 27.01.1998-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тургуну;
  8. Топчиева Алина Хусановна, 05.05.1994-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
  9. Абдаким кызы Айкөл, 19.01.1993-жылы туулган, Ош облусунун Алай районунун Кабылан айылынын тургуну;
  10. Канатбек кызы Алина, 08.02.1994-жылы туулган, Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынын тургуну;
  11. Коргонбай кызы Жанылмырза, 12.02.1995-жылы туулган, Ош облусунун Карасуу районундагы Кара-Дөбө айылынын тургуну;
  12. Маматкасымова Индира Идрисовна, 18.08.1977-жылы туулган, Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын тургуну;
  13. Алабердиева Кыял Долоткелдиевна, 25.04.1986-жылы туулган, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы Челпек айылынын тургуну;
  14. Абдумаматова Айчурок Баитовна, 24.03.1990-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.
Иске уулануу

Москванын түндүк-чыгыш бөлүгүндө Алтуфьев шоссесинде 27-августта өнөр жай аймагындагы кампа өрттөнгөн. Тилсиз жоо 14 кыргызстандыктын жана 3 Орусия жаранынын өмүрүн алган.

Орус ӨКМнин билдирүүсү боюнча, курман болгондор турган бөлмө жабык болгондуктан, куткаруучулар дубалды талкалап кирүүгө аргасыз болушкан. Өртүн чыгыуу себеби электр чырагынын жарактан чыкканынан деп түшүндүрдү. Чырак жарылып, андан чачыраган учкундардан шып өрттөнө баштаган.

Жарандардын курман болгондугу тууралуу факты боюнча «эки же андан көп адамдын өлүмүнө себепкер болгон коопсуздук эрежелерин сактабоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тема боюнча:

Соавтор: Анна Капушенко
Сүрөт: Дастан Үмөттегин