Ош: Эстакадалык көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражатка башка көпүрө салынды

Ошто Ак-Буура дарыясынан өткөн жаңы көпүрө салынды. Аны эстакадалык көпүрөдөн үнөмдөлгөн акчага курушкан.

Ошто 1-сентябрда Ак-Буура дарыясынан өткөн жаңы көпүрөнүн ачылышы болду. Көпүрө Ленин жана Исанов көчөлөрүн бириктирип калды. Көпүрө 2015-жылдын күзүндө ачылган чоң эстакадалык көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акчага салынды.

IMG_0118

Анда мэр эстакадалык көпүрөгө пландалгандан азыраак каражат жумшалганын айткан эле.

«Курулуш алты ай эрте бүттү. Жыйынтыгында 105 миллион сом үнөмдөлдү. Бул акчага жакынкы убакытта Ленин менен Исанов көчөлөрүн бириктирген көпүрө салабыз», — деп убада берген ошондо мэр.

Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушу 2013-жылы башталып, ошол кездеги мэр Мелис Мырзакматов аны «кылым курулушу» деп атаган. Көпүрөнүн бюджетин болсо 800 миллион сом деп бекиткен.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Оштогу жаңы көпүрөнүн ачылышында.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Оштогу жаңы көпүрөнүн ачылышында.

Бирок кийинчерээк объекттин курулушу токтотулуп, прокуратура көпүрөнүн курулушу боюнча өткөн тендерде мыйзам бузууларды таап чыгып, эки кылмыш ишин козгогон. Курулуш иштери жети айдан кийин кайра улантылган.

IMG_0134

Жыйынтыгында көпүрөнүн курулушу бюджетке 669 миллион сомго турган.