Ошто Ак-Буура суусунун үстүнөн өткөн эстакадалык көпүрөнүн расмий ачылышы болду. Узундугу 250 метрди түзгөн жана курулушуна 650 миллион сом жумшалган көпүрөнүн ачылышына Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев катышты.

Навои көчөсүндөгү жаңы көпүрө Ак-Буура суусу менен бөлүнүп турган Оштун эки бөлүгүн бириктирген экинчи көпүрө болуп калды. Биринчиси андан 5 чакырым алыстыкта — Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан.

Жаңы көпүрөнүн капсуласы 2013-жылдын 5-октябрында салынган. Анда Оштун ал кездеги мэри Мелис Мырзакматов аны «кылым курулушу» деп атаган. Бирок көп өтпөй объектидеги курулуш иштери убактылуу токтотулган. Анда прокуратура эстакадалык көпүрөнүн биринчи долбоору боюнча тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузууларды таап, эки кылмыш ишин козгогон. Курулуш иштери жети айдан кийин кайра жанданган.

Көпүрөнүн жаңы долбоорунда алгач пландалгандай жөө адамдар өтчү туннель менен үч тирөөч жок болду. Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, бул бюджеттик 200 миллион сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берди — ал алгач биринчи долбоорду өтө эле кымбат деп атаган болчу.

2014-жылдын июнунда Кадырбаев көпүрөнүн курулушу 2015-жылдын май айына карата бүткөрүлүшү керектигин айткан.

Тема боюнча:
«Азаттык»: Ошто көпүрө курулушу башталды