Cүрөт: Көк бөрү боюнча финалдык беттеште Кыргызстан Казакстанды утту

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курамасы финалда казактардын командасын 15:3 эсебинде утуп алып, алтын медалга ээ болду.

img_1539-1 img_1520 img_1508

Көк бөрү боюнча финалдык таймаш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабыла турган күнү 8-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болуп өттү. Кыргыздардын курама командасы бул майданда Казакстан курама командасы менен беттешти.

img_1489 img_1487 img_1483

Оюндун биринчи бөлүгундө кыргыздар оюндун эсебин ачып, каршылаштарына карай чабуулга өтө башташты. Биринчи бөлүктүн жыйынтыгы 7:1 эсебинде кыргыз командасынын жеңиши менен аяктады.

img_1478 img_1467

Экинчи бөлүктө кыргыздар 3 упай топтошсо, казактар 2 упайга ээ болушту.

img_1466 img_1464

Ал эми үчүнчү бөлүктө кыргыздар казактарга бир дагы упай алууга жол бербей, тескерисинче алардын тайказанына 5 ирет улак ташташты.

img_1460 img_1459

Оюндун жыйынтыгында кыргыз спортчулары 15:3 эсебиндеги жеңишке жетишип, Кыргызстандын курама командасын алтын медалга жана 3,5 миллион сомго ээ болду.

img_1458 img_1451

Экинчи орунга Казакстан, үчүнчү орунга Кытай ээ болду.

img_1447 img_1436

Көк-бөрү — бул кыргыздардын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн салттык жана улуттук оюну.

img_1428 img_1426

Оюнга 12 атчан адамдардан турган эки команда катышат. Бирок талаага ар бир командадан төрттөн адам чыгат. Аларды жана аттарын дагы алмаштырып турууга болот.

img_1423 img_1421

Оюн жыйырма мүнөттүк үч бөлүктөн турат. Оюндун максаты — улакка (33 килограммга чейинки чыныгы, же муляж болушу мүмкүн) ээ болуу жана аны каршылаштарынын 3,6 метр диаметрдеги тайказанына ыргытуу. Улакты өнөктөштөрүнө улам өткөруп берип жардамдашып тайказанга жеткирсе да болот.

img_1406 img_1401

Каршылаштарына карата жана анын атына күч көрсөтүүгө тыюу салынат. Эреже бузган оюнчуну «кара мамы» деген атайын талаага эки мүнөткө оюндан четтетет же такыр эле талаадан чыгарып жиберет.

img_1498 img_1481

Сүрөт: Светлана Зеленская