Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жеке мени кеткен каражаттары жана жумшалган аракеттери жана дагы сандан сапатка айланбай калган ири мүчүлүштүктөрү менен таң калтырды.
«Пикир» рубрикасына жарыяланган материалдар авторлордун жеке пикирин чагылдырат.
Көчмөндөр оюндарынын артыкчылык жана кемчиликтерин сезиш үчүн аны чет өлкөлүктөрдүн көзү менен караш керек. Анткени бул оюн башында эл аралык масштабдагы иш-чарага, дээрлик, олимпиадага теңелген. Алтымыштан ашык өлкө катышып, канчалаган көп журналистер тартылды, National Geographic чакырылып, укмуштуудай ачылыш жана жабылыш болду.
Менин үнүм дал ушундай кабыл алууну сунуштайт. Мен «жарым чет өлкөлүкмүн» себеби Бишкекте чоңойгонмун, мына он жылдан бери Украинада жашайм, менин жарым украин кызы Кыргызстанга биринчи жолу келди. Ал бул баардык сүрөттөрдүн автору.
Оюнга бара турган жол: Бишкек
Тамчыдагы аба майданы — бул албетте жакшы, бирок чет өлкөлүктөрдүн көпчүлүк бөлүгү Чолпон-Атага транспорт жолу алкылуу келишти деп айта алам. Биринчи жолу Кыргызстан менен таанышуу оюндан дагы маанилүү сезилет.
Биз Кыргызстандын борборуна кечинде маршруттук такси менен Алматадан келдик. Чек арадан Бишкеке чейинки жолдогу бир дагы чырак күйгөн жок. Кайрадан Чолпон-Атадан кооптуу Боом капчыгайы аркылуу караңгы жол менен Бишкекке келдик. Ысык-Көлгө чейинки трассаны жолчулар оңдоого жетишиптир, бирок жолдогу чырак жөнүндө эч ким ойлонбоптур.
Оюндун алдында эки күн борбордо болгонубузда, оюбузда бир формула пайда болду, эгерде сен унаа айдабасаң — киши эмес экенсиң. Бул жерден биз бир айдоочу жол чырактын кызыл күйүшүнө карабай, жолдон өзүнүн жолу менен өтүп бара жаткан аял кишиге сигнал басып жол бербей койгонуна күбө болдук. Бизди жол чырак жок жерден адам өтүүчү жолдон коё берген айдоочулар өтө сейрек кездешти. Жолдогу айдоочулар себепсиз эле сигнал баса беришет экен. Мындай ызы-чуудан улам шаар кыдырып жүрүштүн ордуна жашынып алгың келет экен. Киевдин калкынын расмий саны Бишкектикинен үч эсе көп болгонуна карабастан, кыргыз борборуна салыштырмалуу тынчтыктын талаасы экен.
Кантип маршруттук таксилерди айтпай кетүүгө болот. Бул транспорттун түрү, мен мектепте окуп жүргөндө эле пайда болгон. Арадан он жылдаган убакыт өтсө дагы Бишкек токсонунчу жылдарда токтоп калгандай сезилет экен.
Азырынча көчөдөгү маршруттук таксилер жоголуп кетмеийинче, айдоочулар сигнал басканды токтотмоюнча, жөө адамдарга жол бергенди үйрөнмөйүнчө шаарда жүрүүгө ыңгайлуу эмес. Кызмат көрсөтүү менен тазалык жөнүндө айтпай эле коёлу.
Оюндар: уюштуруу
Өзгөчө оюнга байланыштуу эсте калаарлык окуялардын бири — ушул оюндун алты күнүнүн ичиндеги Кыргызстандын ар кайсы аймагынан Чолпон-Атага агылып келген унаалар болду. Аларды көрүп бул окуя өлкөнүн жашоочуларына маанилүү турбайбы деп түшүнөт экенсиң. Ысык-Көлдүн жээгинен биз 71 жаштагы аксакал менен тааныштык.
Оюнга ал Кыргызстандын эң алыскы аймагынан келген экен. Ал өзү унаа айдап достору менен келиптир. Ар кайсы иш-чаралардан биз улгайган адамдарды дайыма кездештирдик. Алар Чолпон-Атага атайы оюнду көрсүн деп балдарын, неберелерин ала келишиптир.
Чолпон-Ата менен оюн боло турган жерлер арасында («Газпром» спорткомплекси, атмайдан, кырчын жайлоосу) уюштуруучулар бекер автобустарды даярдап коюшуптур. Аларды колдонуу чынында ыңгайлуу болду.
Атмайдандын жеткиликтүү болгондугуна эч нерсе айта албайсың. Алыстан көрүнүп турган Ысык-Көлдүн жээгиндеги кооз коргону менен курчалган чоң жаңы мекеме. Автобустар же маршруттук таксилер жолго токтоп жатышты. Чыгасың да... атмайданга айла жок унаа жүрүүчү жол менен жөө басып барасың. Адам жүрүүчү жолду эч кимдин жасагысы да келген эмес. Жөө кишилердин эки гана жолу бар экен, бири унаа сүзүп кетпесиндеп кыпчылып жолдун чети менен араң басуу, же ылдый түшүп казылган жерлерде жаңы олтургузулган бактарды аралоо.
Элди өз ордун табуусу үчүн уюштуруучулар ыктыярчыларды чогултушуптур. Сары көйнөкчөн адамдарды биз ар бир оюн өткөн жерден кездештирип турдук. «Газпром» спорткомплексинен биз Украина кайсы спорттун түрүнө катышат, качан ойнойт деп суроо узатсак:
— Билбейм, мандаттык комиссиядан сурагыла, ал жакта оюндун программасы бар болуш керек, — деди бизге бир ыктыярчы.
Мандаттык комиссияга кириш да кыйын болчу, кире бериште кайтаруучулар турган. Ал жактан бир гана таба алганыбыз Бишкектин картасы түшүрүлгөн, жадыбалы жок жарнамалык буклет болду.
Ким кайсыл спорттун түрүндө ойнойт десек, уюштуруучулар спортчулардын өзүнөн сурагыла деп кеңеш беришти!
Оюндардын жадыбалы спорттун түрлөрү менен оюндун расмий сайтында жайгашкан, бирок кайсы өлкө эмне боюнча оюн көрсөт деген түшүндүрмө жок болчу. Керектүү маалыматты мобилдик колдонмодон араң таптык. Эгер чет өлкөлүк мейман смартфону жок келсе, ал өз өлкөсүнүн командасын көрүүнү өзү ойлоп табуусу керек.
Уюштуруу жагына карасак. Атмайданда күн сайын кечинде концерт коюшаарын биз кошуналарыбыздан уктук. Концерттин башталыш убактысы сайтта, Facebookта дагы жок болчу. Бул жарнамаларды биз атмайдандан гана көрө алдык.
Кырчын жайлоосу, этношаарча
Ачык асман алдында бир жарым миң боз үйдөн турган этношаарча, жанында ат оюндары, чет өлкөлүк туристке мындан артык эмне бар! Кырчын жайлоосуна биз этношаарча иштей баштаган күндөн тартып эле барганбыз. Кире бериште бишкектикиндей жол тыгыны жыкжыйма!
Шаарча эки бөлүккө бөлүнүп тургандай. Биринчи бөлүктөгү боз үйлөрдө сатуучулар жайгашыптыр. Алар улуттук тамак-аштан даам татууну сунуштап жатышты. Бирок баардык жак булганыч, идиш аяктар начар, кебетелери шектүү ашпозчулардын тамак даярдоодогу гигиеналык тазалыкты сактаганына ишенич болгон жок.
Соода жүргүзгөн боз үйлөр менен этношаарчанын (ар кайсы аймактан келгендердин боз үйлөрү жана мелдеш өтө турган оюн талаасы) боз үйлөрүнүн ортосунда шар аккан тоонун суусу. Уюштуруучулар бул жагдайды эске алып, суу үстүнө көпүрө кылып контейнерди орнотуп коюшуптур. Бул көпүрөнүн бир эшиги бакка тирелип калгантыктан бир эле кире турган эшиги ачык экен. Кире бериште милициялар кандай болсо дагы катышуучулардын буюмдарын үстүртөн текшергенге аракет кылып турушту. Ал эми жанындагы атчандар суудан ат менен жүз сомго өтүүгө жардам берүүнү сунуштап, экинчи жээкке текшерүүсүз, кезексиз эле өтүп жатышты. Коопсуздук чаралары мындай шартта байкалган жок.
Шаарчанын өзү жагымдуу маанай тартуулады: ар бир дубандын өкүлдөрүнүн кооз боз үйлөрү, улуттук селкинчектер. Боз үйлөрдүн жанындагы асем буюмдардын түрлөрү, тери жана жүн жасалгалары, сувенердик музыкалык аспаптар, чындыгында баары окшоштой көрүнүп турду.
Этношаарчанын ачылышындагы ар түркүн айыл турмушун чагылдырып коюлган сахна чынында көлөмдүү жана кооз болду. Эсте калаарлыгы төөчөн кытайлыктардын, Улуу жибек жолундагы көпөстөрүн чагылдырганы болду. Мунун баары кыргыз тилинде өткөнү чет өлкөлүктөр үчүн анча-мынча кыйынчылык туудурду, жаныңдагынын жардамысыз эч нерсе түшүнбөйсүң.
Уюштуруунун жаман жери биодааратканасы болду. Ичи таза эмес, биздин көзүбүзчө эч ким тазалаган жок.
Биз артка кайтканда суудан ичке тактай аркылуу өттүк. Текшерүү ал жерде да болгон жок.
Атмайдан: концерт
Он төрт өлкөнүн музыкалык коллективи, проекциядагы кооз графика. Атмайдандагы кечки концерт (биз ал жакта 6-сентябрда болдук) сонун болот деп күтүлгөн. Мүмкүн ал ошондой болду. Жөн эле биз көрө алган жокпуз.
Атмайдандагы сахна трибунадан бир канча жүз метр аралыкта жайгашкан. Трибунанын үстүндө үмүттөндүргөн мониторлор илинип турду. Концерттин алдында эле КТРКнын көрсөтүүлөрү жана оюндун жарнамасы жүрүп жаткан. Концерт башталаары менен мониторлор өчүп калды. Уюштуруучулар көрсөтүүнү ойлонушкан эмес же болбосо система иштебей калды. Мониторсуз сахнадан эч нерсе көрө албайсың.
Жалпысынан көчмөндөр оюну маанилүү жана оригиналдуу ойду калтырды. Стивен Сигал көчмөндөрдүн кийими менен, атчабыш жана спорттун түрлөрү, өлкө жана маданиятын тааныштыруу, көп сандаган чет өлкөлүк жана кыргыз көрүүчүлөрү. Бирок көп сандаган жетишпегендиктер үчүн мунун баары жөн эле көзгө ыргытылган чаңдай сезилет. Эгер vip-трибунанын коногу болбосоң, башка коноктор үчүн шарт жок же эч ким аны түзүүгө аракет кылган да эмес.
Тема боюнча: Сүрөт жана видео: II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы
Текст: Григорий Пырлик, журналист
Сүрөт: Татьяна Косянчук