Эдвард Сноуден президент Обамадан кечирим сурады

Эдвард Сноуден президент Барак Обамадан кечирим сурап, ага АКШга кирүүгө уруксат берет деген үмүттө. Ак үй Сноуден Кошмо Штаттарга келсе, аны менен «мыйзам чегинде» иш алып барылат деп жооп берди.

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук боюнча агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Барак Обаманын кечиримин алуу аракети болгонун айтып берди.

Guardian басылмасына курган маегинде ал өз аракетин «айрым нерселер мыйзамга каршы келсе да, бирок аларды моралдык жана этикалык жактан карай турган болсок, анда алардын жашоодогу мааниси жана баасы түшүнүктүү болуп калат» деп түшүндүргөн.

Сноуден Американын атайын кызматтары АКШнын жарандарын жана эл аралык лидерлерди аңдыйт деген тариздеги өзүнүн ачыкка чыгарган маалыматтарын ушинтип сүрөттөөдө. Айтымында, 2013-жылдан бери дүйнөдө купуялуулук жана маалымат коопсуздугу темаларына этият мамиле жасап калышты. Өз аракеттерин ал америка коомун оң өзгөрүүлөргө алып келди деп эсептейт.

Барак Обама кийинки жылдын январына, президенттик кызматты ээлеп турганга чейин Сноуденди кечирүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок Ак үйдүн өкүлү билдиргендей, атайын кызматтын мурдагы мүчөсү «Кошмо Штаттарга келип, соттон өтүшү керек». Ак үй маалымдагандай, аны менен «мыйзам чегинде» иш алып барылат.

АКШнын Коргоо министри Эштон Картер Сноудендин аракеттери өлкөгө «эбегейсиз чоң зыян» келтирди деп эсептеп, кечирим көрсөтүү боюнча ачык ой-пикир билдирген жок.

Guardian басылмасы Сноудендин үмүттөрү тууралуу жазып, мурдагы агенттин кечирилишин жактап чыккан. Бирок басылма белгилегендей, президент тарабынан жооптуу кадам жасалуу шансы өтө аз.

Кечирим сурап кайрылуу боюнча жаңылыктар Оливер Стоундун «Сноуден» тасмасынын дүйнөлүк премьерасы менен туш келген. Режиссёр да Сноуденди коргоо кампаниясын колдогон. Стоун мурдагы агенттин кечирилиши процессине кинонун жардамы тиет деп ишенет.

Тема боюнча: «Сноуден» тасмасынын трейлери (орус тилинде)

Сноуден коомчулуктун америка атайын кызматтарында эмне болуп жатканы туурасында дагы бир жолу ойлонуусуна тасма жардам берет деп эсептейт.

Эдвард Сноуден учурда Москвада жашыны жүрөт. Орусиянын аймагында ал 2013-жылдын июнунан бери турат.