Депутаттар кошумча жети эс алуу күнү үчүн айлык алышат

Кошумча жети эс алуу күнү үчүн депутаттардын айлыгынан акча алынбайт. Бул боюнча парламент аппаратынын башчысы билдирди. Сентябрдын башында парламентарийлер 12сине чейин эс алуу мөөнөтүн узартышкан.

Парламент аппаратынын жетекчиси Абдыманап Кутушев билдиргендей, узартылган эс алуу убагында депутаттар иштөөнү уланта беришкен, ошондуктан алардын айлыгы толугу менен чегерилет.

«Мен депутаттар 12-сентябрга чейин иштебеди дегенге макул эмесмин. Бул убакта алар Көчмөндөр оюндарына катышты, ал биздин мамлекет үчүн ири окуя болчу. Мисалы Жогорку Кеңештин комитеттери бул убакытта иштешти», — деди ал.

Депутаттардын парламенттеги сессияларга катышпаганы боюнча суроого Кутушев «алардын жумушу пленардык отурумдарга катышуу менен чектелбейт» деп жооп берди.

«Алар бул убакытта аймактарда болуп калышы мүмкүн эле. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара өттү. Ошол эле убакытта фракциялар менен комитеттер отурумдарын өткөрүп жатышты. Төрт отурум өттү», — деди Кутушев.

Ошондой эле аппарат жетекчиси кабарлагандай, парламент кеч калган жана жүйөөлүү себепсиз келбей койгон депутаттарга карата штраф салуу демилгесин карап жатат.

«Мисалы, эгерде бир депутат бир отурумга келбесе, анда анын айлыгынан 10 пайыз кемитишет, эки жолкуга — 30 пайыз, ал эми үчүнчүсүнө болсо — 50. Эгерде депутаттар бул сунушту кабыл алса, муну жаза катары кабыл алса болот», — деди ал.

КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевдин сунушу менен 1-сентябрда көпчүлүк добуш менен депутаттар өздөрүнүн эс алуусун 12сине чейин узартышкан.

Рыспаев өзүнүн демилгесин Kloop.kgге Курман айт майрамына жана Көчмөндөр оюндарына байланыштуу депутаттар «барыбир жумушка келбейт» деп түшүндүргөн.

Тема боюнча: Парламент эс алуусун Көчмөндөр оюндарынан улам 12-сентябрга чейин узартты

Соавтор: Александра Титова