Kloop.kgнин корреспонденти Бишкектеги секс-шопторго барып, сатуучуларына өз жумушунун өзгөчөлүктөрү, кардарлары жана адаттан тыш абалдар боюнча суроо узатты.

Көңүл буруңуз: Материалда секс жана интимдик жашоо темалары сөз болот. Эгер бул маекти окуу сизге кандайдыр бир зыян алып келет деп эсептесеңиз, анда муну окууну сунуштабайбыз. Анын ордуна, мисалы, бихарчасынан ала качуу боюнча окусаңыз болот.

LoveTime секс-дүкөнүнүн эки сатуучусу анонимдүүлүк шарттары менен бишкектиктер эң көп эмнелерди сатып алаары жана дүкөндө эле продукцияны текшерип көргүсү келген кардарлар жөнүндө айтып беришти.

Секс-дүкөнүнүн сатуучусунун бир күнү

LoveTime 1

Балким секс-шоптун сатуучусунун жашоосундагы эң кыйналганы — жасалма клиторду кыргыз тилинде түшүндүрүп берүүсү болушу мүмкүн. Эркектик жыныс мүчөнү чоңойтуу боюнча айтып берүү оңой. Бирок уят сөздөрсүз бирин да түшүндүрүп бере албайсың. Бир 40 жаштагы эркек киши аялдын анатомиясын таанып билүү боюнча бардык сырларды ачып бербей кетип калганы да бар.

Көпчүлүгү жасалма вагина сыяктуу оюнчуктарды сатып алышат. Бир жолу бир чабанга, кардар түшүндүргөндөй, жаныбарларды кыйнабаш үчүн жасалма вагина сатып алуу үчүн келишкен.

Биздин кардарларыбыздын көпчүлүгү жөнөкөй, адекваттуу жана цивилдүү. Бирок арасында ачык жоопторду жактырбаган текеберлери да болот. Аларга үч сааттан кийин гана жеткирип беребиз десең, анткени курьер шаарда эмес болгон учурлар болот, алардан жооп катары бизнести өнүктүрүү, туура маркетинг жүргүзүү, оңбогон консультанттарга дипломатия курстарын окутуу жана кардарларга мамиле кылуу боюнча узун монолог угасың. Натыйжада, курьер барыбир үч сааттан кийин айтылган дарек боюнча буйрутманы алып жөнөйт.

Айрым адамдардын секс-шоптор жана принциптери туурасында кызык түшүнүктөрү бар. Алардын оюнча, бизде баарын бекер текшерип көрсө болот, сатуучу болсо булгаары стринг жана лифчик кийген, бекер минет тараткан секс-гуру болушу керек. Ал эми коштошуу иретинде элиталык свингер-клубга кирүү мүмкүнчүлүгүн алууну каалашат.

WhatsApp аркылуу өспүрүмдөр жөнөткөн суроолор кубандырат: «Эгер кызга дүүлүктүрүүчү сагызды берип, ал секс кылбай калса эмне болот?» Эң эле жөнөкөй!

Мен кармана албай жооп жаздым: «Кыз өлөт, сен да өлөсүң, баарыбыз кайсы бир мезгилде өлөбүз». Бирге күлдүк.

Бизден сураган эң эле кызыгы — кыздыкты имитациялаган чаптаманы сурашканы. Биз андай нерсени уккан эмеспиз, ал болсо муну ойлоп таппаганын жана мындай нерсе чындыгында бар экенин айтып ишендирип жатты. Биз аны Ош базарына жөнөттүк, балким ошол жактан тапкандыр.

Кыймылсыз мүлк сатуу боюнча бир эксперт сатуу боюнча тууралуу пайдалуу кеңештерин берип, бир саат бою бирдей эле болгон беш феромон атырдын ичинен, алардын ар башка болгонун айтып, бирин тандап алган.

Натыйжада: бир саат тейлөө — консультанттын айлыгына так 36 сом. Ага пробниктердин баасын жана кыймылсыз мүлк экспертинин оюндагысын бербегенин эске алганда, аны тейлеген консультанттын чачтарынын эрте агарып кетиши кымбатка турду.

Юристтер кубандырат, баса алар биздин ар дайымкы кардарыбыз. Алар вибраторлорду кайра алып келүүгө аракет кылышат.

Ар кандай адамдар келишет.

LoveTime 2

Аябай кызык адамдар болот… Бир жолу бир эркек киши мүчөсүн чоңойтуу үчүн аспап сатып алган. Кандай ойлоп жатасыңар? Камерадан уялып олтурбай, шымын түшүрүп туруп, аспапты кере баштады. Мен камера бар экенин айтып кыжырданганда ал өзүн басып калды.

Дагы бир жолу экөө келген, улгайып калган аял менен орто жаштагы эркек. Көрсө ал апасы менен уулу экен! Апасы уулуна жасалма вагина сатып алып берип жатыптыр, азырга чейин анын сөздөрү эстен кетпейт: «Бул жактыбы?» Уулу болсо апасына ишеничсиз түрдө: «Ооба, апа».

Көпчүлүгү досторуна белек кылышат. Майрамдарда көбүнчө кардарлар толуп кетет. Энтигип тандап, тартуулап, көбүнчө туура эмес тандап алышса, кээде тамашалап белек беришет. Тамашалап белек берүү жаштар арасында кеңири жайылган. А балким ким билсин, балким тамаша деп калп айтып жаткандыр?

Кээде болсо моралфлагдар киришет… Бизге бул жерде унаа жуугуч кошуна турат, а биздин кеңседе мурда бул жер күтүү залы болчу, азыр болсо секс-шоп. Таң калышат: «Бул эмне? Эмне болгон дүкөн? Силер кантип иштейсиңер? А Кыргызстанда буга уруксат барбы?»

Ооба, Кыргызстанда бул мыйзамдуу. Мамлекеттик органдар менен баары жакшы, биз дайыма салыктарды өз убагында төлөйбүз, бухэсебибиз бар. Мыйзам боюнча мындай бизнеске тыюу салынган эмес, ошон үчүн баары легалдуу.

Дүкөндө тыюу салынган эч нерсе жок, мисалы порно продукциясы. Керек болсо жарнамалык көз караш менен алып караганда да биз эч нерсеге каршы келген жокпуз. Биздин көрнөк-жарнагыбызда LoveTime 2 деп жазылган, а сайтыбыз болсо orgazm.kg.

Анткени биз билборддо orgazm.kg деп жаза албайбыз.Келишпестиктер болот, нааразыларга түшүндүрүп беребиз, кээ бири биздин кардарыбыз болуп калышат.

Жумушка оңой эле киргемин. Интернеттен вакансияны таап, маектешүүгө келгем. Кийин мени окутуп үйрөтүштү. Сатуучулар кайсы буюм, эмне үчүн колдонулушун билиши керек. Иштегениме эки жыл болду. 20 миңден жогору болгон айлыгы кызыктырды, бул жерде жумуш барыбир чаң-кири жок да, тынч жер. Бош убактыбыз көп. Күнүнө 10-15 кардар келет. Азык-түлүк дүкөндөрүндөй эмес бекен?

Продукцияны биз текшерип бербейбиз, Кыргызстанда текшерип көргүч кесибинин бар экенинен да күмөнүм бар. Биз продукциянын жарактуу-жараксыз экенин гана текшеребиз. Товарды болсо көбүнчө Кытайдан алдырабыз, үч жактан келет: Араб Эмираттарынан, Америкадан жана Франциядан… КМШ өлкөлөрүнөн бир эле Орусиядан келет, бирок аз санда, көбүнчөсү дүүлүктүрүүчү каражаттар.

Көбүнесе үй-бүлө курган түгөйлөр чогуу келип тандашат. Алар талашып-тартышып, чечип кеңешишет. Андайлар көбүнчө өздөрүнүн сексуалдык жашоосуна ар түрдүүлүктү кошкусу келген үй-бүлөлөр. Ар дайым келген кардарлар бар, ыраазычылыгын билдирип турушат.

Эмгек китепчебиз бар, албетте. Ал жерде жөн гана сатуучу-консультант деп жазылат. Биз сатуучу-консультантпыз да, а кандай дүкөн экенинин эмне айырмасы бар?

Меникилер кайда иштегенимди баары эле билбейт… Ооба, мен муну жарыялагым келбейт. Бирок силер мени уялып жатат деп ойлобогула, бул жөн гана жумуш. Мен «Народныйдын» кассасындагыдай эле сатуучумун. Оюмча, бул барык сатуучуларга тиешелүү.

Мындай чөйрөдө жетекчилерден башка эч ким деле «түбөлүккө» иштеп калбаса керек. Мен дагы болжолдуу жарым жыл иштейм. Бул менин кесибиме байланыштуу эмес, студенттик күндөрүм да аяктап жатат, университетти бүтүргөн соң бул жерден да кетем. Бул жер жакпагандыктан же жагымсыз болгондуктан улам эмес, жөн гана келечекте өз кесибим менен иштегим келгендиктен.

Сүрөт: Carlos Varela/Flickr