Президенттин басма сөз кызматы: Атамбаевдин ден соолугу жакшы

Президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы билдиргендей, Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы жакшы. Азыр ал Стамбулда ооруканада. Атамбаев учакта өзүн жаман сезип, БУУга болгон иш сапарын токтоткон.

«Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы жана ал азыр Стамбулдагы мейманканада», — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезип калды. Бүгүн ал эрте менен президент аппаратынын башчысы менен телефон аркылуу байланышып, тиешелүү тапшырмаларды берген», — деп Kloop.kgге президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов билдирди.

Президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов «АКИпресс» маалымат агенттигине билдиргендей, Атамбаевдин ооруканага жатуусу боюнча сөз болгон эмес.

«Мындан аркы дарылануу жөнүндө маалымат кийинчерээк берилет», — деди Ниязов.

Президент «жүрөгү ооруп» калгандыгына байланыштуу кыска мөөнөттүү эс алууга чыккан. Бул 1-октябрга чейин уланышы мүмкүн. Президенттин жүрөк көйгөйү Бишкектен Нью-Йоркко карай учканда башталган. Анын учагы Стамбулга конуп, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Дарыгерлер Атамбаевге «жүрөк оорусунун симптомдору» аныкталганын айтышып, жакшылап дарылануу керектигин айтышкан.

Атамбаевдин ордуна БУУда Кыргызстандын делегациясын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеп жатат.

Бул Атамбаевдин БУУга болгон алгачкы иш сапары эле.

Нью-Йоркто Атамбаев БУУнун Баш секретары Пан Ги Мун, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос жана ПРООНдун администратору Хелен Кларк менен жолугушуусу керек эле.

Видео: Тилек Бейшеналы уулу