Өзбекстан үчүн Орто-Токой суу сактагычы канчалык маанилүү?

Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерди бир ай бою Өзбекстандын күч кызматкерлери кайтарып турушкан. Өзбекстан Кыргызстандан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычы менен эркин пайдалануусуна уруксат берүүнү талап кылышкан. Бул эмне деген суу сактагыч жана Өзбекстан үчүн ал канчалык маанилүү?

Орто-Токой (Касансай) суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан. Анын курулушу 1941-жылы башталган, бирок согуштун айынан курулуш иштери токтоп турган. Согуш бүтөөрү менен 165 млн куб метр көлөмдөгү суу сактагычтын курулушу аяктаган.

Суу сактагыч айыл-чарба маселелерин чечүү үчүн курулган — Өзбек ССРинин эгин талаалары сугат сууга муктаж болуп турган. Совет доорунда өзбек тарап суу сактагыч куруу үчүн кыргыздардан жер бөлүп берүүнү суранышкан.

Советтер Союзу тарагандан кийин дагы Өзбекстан сугат суу үчүн суу сактагычты пайдаланып келишкен. Кыргызстан өкмөтү Өзбекстандан объектти пайдалангандыгы үчүн акы төлөп туруу керектигин айтышканда Ташкент жооп кайтарган эмес.

Суу сактагыч 1941-жылы Өзбек ССРинин каражатына курулгандыктан, объектти алардын менчиги деп эсептеген. А Кыргызстан болсо, анын ордуна «шайкеш келген» өзбек жерлерин ээлеген.

Суу сактагычтын курулушу Өзбек ССРнин жана өзбек элинин каражатына курулган. Анын бюджети 71,1 млн рублду түзгөн.

ЦентрАзия маалымат агенттигинин билдиришинче, Кыргыз ССРинин айыл-чарба Министрлигинин Кыргызгипрозем институтунун «административдик планында Касансай (1958-жылдан кийин Орто-Токой деп аталган) суу сактагычы Өзбек ССРинин Наманган облусунун Чуст районуна карап, Наманган облустук сугат башкармалыгынын карамагында турган».

Суу сактагычтын көтөрмө чынысы 850 гектарды түзөт. Анын ичинен Өзбекстан Кыргызстанга болгону 190 гектарын гана компенсациялап берген.

Кыргыз жана өзбек президенттери кол койгон 1992-жылдагы келишимге ылайык, суу сактагыч Кыргызстандын менчигине өтүшү керек болчу.

Бирок, суу сактагыч 2016-жылдын жаз айларында Өзбекстан эксплуатациялаган башка объекттер менен кошо Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөн. Суу сактагыч коңшу өлкөнүн убактылуу пайдалануусунда болгон.

Суу сактагыч Кыргызстандын аймагында турса да — Өзбекстан менен аралыгы 13 чакырымды түзсө да — анда Орто-Токой айылында жашаган 200 өзбек жарандары тейлешет. Айыл Өзбекстандын Наманган облусунун Касансай районуна карайт. Суу сактагычты өзбек аскерлери кайтарышат.  

Суу сактагычка жетүү үчүн, өзбек унаалары кыргыз чек арасынан өтүп, кыргыз жери менен басышат.

Орто-Токой суу сактагычы боюнча 2016-жылы эки курч кырдаал жаралган.

Чек арадагы БТРлер

2016-жылдын жаз айларында Өзбекстан оңдоп-түзөө иштери үчүн суу сактагычтын аймагына өткөрүүнү Кыргызстандан суранышкан. Кыргыз тарап мындай жумуштарды кыргыз адистери жасоо керектигин айтып, өткөрбөй коюшкан.  

Мындан улам, 18-мартта Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерге эки БТР жана эки КамАЗ үлгүсүндөгү автоунааларын койгон. Кийинчерээк, Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын бул кадамынын себебин сурап кайрылган.

Өзбекстан болсо, аскерлер Нооруз майрамын өткөрүүгө байланыштуу тургандыгын айткан. Кыргызстан да жооп иретинде аскерлер менен эки БТРди чек арага коюп койгон.

Эки өлкө чек арада турган аскерлердин санын 20дан 8ге чейин кыскартуу боюнча келишим түзгөн. Бирок, БТРлер ордунда кала берген.  

Кыргыз жана өзбек тарап 26 - мартта түнкүсүн талаш жерден чыгып кетишкен.

Тема боюнча: Өзбек БТРлери кантип чек ара көйгөйлөрүн ашкере кылды?

Талаш жердеги бир ай

Экинчи курч кырдаал 2016-жылдын август айында болду. Кыргыз милициясы 13-августта Ала-Букадагы чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Өзбекстандын милиция кызматкерин колго түшүргөн.

Бул окуядан соң, 22-августта МИ-8 тик учагы менен Унгар-Тоодогу талаш жерге Өзбекстандын жети күч кызматкери келген.  

Алар эки талап коюшкан — кармалган милиция кызматкерин коюп жиберүү жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы кыргыз постторун алып салуу. Кыргызстан бийлиги кармалган милиция кызматкерин ошол түнү эле бошотуп берген.

Өзбек милиция кызматкерлери 24-август күнү Унгар-Тоодогу «Кербен» радиорелейлик станциясында иштеген төрт инженерди кармап кетишкен.  

Өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычын кайтарып турууга укук сураган.

Радиорелейлик станциянын инженерлери 9-сентябрда бошотулган. Алар Өзбекстандын Янгикурган милиция бөлүмүндө кармалып турушкан.

Өзбекстандын ИИМнин кызматкерлери 18-сентябрь күнү Унгар-Тоодон чыгып кетишкен. Алар бир ай аралыгында талаш жерди кайтарып турушкан. Өзбек тараптан Орто-Токой суу сактагычы боюнча да эч кандай талап болгон эмес.

Кыргызстанда дагы бир Орто-Токой суу сактагычы бар. Ал Чу дарыясында жайгашып, Кочкор айылына жакын. Бул суу сактагыч курч кырдаалга эч кандай тиешеси жок.

Тема боюнча: Өзбекстан Унгар-Тоодогу күч кызматкерлерин чакырып алды

Соавтор: Сезим Каныбекова

Сүрөт: Дастан Умоттегин