Видео: Атамбаевдин курулуп жаткан үйү бийиктен кандай көрүнөт

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылында үй салып жатат. Кылдат кайтарылып турган жер тилкеси 2015-жылдын май айына чейин Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимовдун аялына таандык болгон.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 15-сентябрдагы басма сөз жыйынында Атамбаевди «коррупциялашууга» айыптаган. Анын айтуусунда, Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов аялы аркылуу Атамбевге 2,7 гектар жерди кызмат алуу үчүн белекке берген.

Ал эми бул жер 2015-жылдын май айына чейин Бишкектин мэринин жубайына таандык болуп, ал жерди «Дастан» ААКдан алган. Албек Ибраимов 2012-жылдын ортолоруна чейин «Дастан» ААКнын башчысы болуп турган.

Атамбаевдин тарапташтары, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов жана КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдор аталган жер Албек Ибраимовдун кызматка келүүсү үчүн Атамбаевге белекке берилген деген маалыматты четке кагышат.

Бирок, Атамбаев чын эле ошол жактан жер алганын жана үй салып жаткандыгын тастыкташат.

Мамлекеттик каттоо кызматынан алынган документтердин негизинде, президент Кой-Таштан айыл-чарбанын карамагындагы жерди миллион сомго алгандыгын Kloop.kg иликтеп чыкты.

Бул жер тилкелердин аянты 27,5 гектар эмес, 500 чарчы метрден үч тилке, жалпылап айтканда, 0,15 гектарды түзөт.

Бул жерлер 2008-2012-жылдар аралыгында «Дастан» заводунун карамагында туруп, андан соң Анарбек Укуевдин атына жазылган. Жерлер үч жыл ушул кишинин менчигинде болгон.  

Андан соң, 2015-жылдын март айында, Укуевдин жерин Айнура Ибраимова убактылуу пайдаланууга алган — Текебаевдин айтуусуна караганда, бул аял Бишкектин азыркы мэри жана «Дастан» заводунун мурдагы жетекчисинин жубайы.

Бир ай өтүп, 2015-жылдын май айында Ибраимовдун аялы Кой-Таштагы жерди бир миллион сомго Атамбаевге өткөрүп берген.

Текебаевдин бул билдирүүлөрүнөн кийин, Атамбаев 16-сентябрь күнү маалыматтын чын-төгүнүн иликтөө үчүн Башкы прокуратурага тапшырган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Алманбет Абдрахманов Kloop.kgге билдиргендей, Текебаев тараткан маалымат боюнча прокуратурада иликтөө иштери болуп жатат.

«Президенттин тапшырмасы менен иликтөө иштери жүрүп жатат. Азырынча эч нерсе деп айта албайбыз. Иликтөө бүткөндө жыйынтыктар тууралуу маалымат беребиз», — деди ал.  

Видео: Азат Рузиев, Тилек Бейшеналы уулу