Ош шаардык кеңешинин депутаттары: Батыровдун сөзү улуттар аралык чыр-чатакты козутуп жибериши мүмкүн

Ош шаардык кеңешинин депутаттары? Кадыржан Батыров ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөөгө укугу жок болчу. Батыровдун айткандары түштүктө улуттар аралык чыр-чатакты козутуп жибериши мүмкүн.

Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын пикиринде, Батыров Кыргызстандын ички саясатына киришүүгө кылмышкер боло туруп өзбектердин укугун коргоого укугу жок.

КСДП партиясынын депутаты Шакир Зулимов, Батыровдун айткандары Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалга байланыштуу.

«Биз 2010-жылдагы окуяларды эми гана унутуп келе жатабыз. Чыр-чатакты дагы эске салып жатышат. Алар улуттар аралык маселени көтөрүп чыгышууда. Батыров өзү алты жылдан бери өлкө сыртында жүрсө, Кыргызстандагы демократияны кантип талдап жатат», — деди Зулимов.

Зулимовдун билдирүүсүндө, Батыров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы айрым саясатчылар менен биргеликте аракеттенип жатат.

КСДП партиясынан Идирис Кубатбеков болсо, ЕККУда Батыровдун сүйлөгөнүн угуп отурган биздин өкүл жыйындан чыгып кетиши зарыл эле деп билдирди.

«Ал жерде биздин тышкы иштер министрликтин да өкүлдөрү отурган. Эмне үчүн алар бул кырдаал тууралуу үн катпай жатышат? Жыйындан чыгып кеткен жок», — деди Кубатбеков.

Мындан сырткары, алар ЕККУнун жыйынында, өмүр бою эркинен ажыратылып, эл аралык издөөгө алынган кишиге сөз бергендиги да туура эмес экендигин билдиришип, нараазычылыктарын айтышты.

Ошондой эле, Төлөкан Исмаилованын жыйында Батыровдун сөзүн колдоп-кубаттап, баш ийкеп олтурусууна саясий баа берилиши керек деген ойлорун ортого салышты.

Жогорку Кеңештин депутаттары бир канча убакыт мурда эле, Батыров менен катар отурган кыргызстандыктарга саясий баа берүүсүн сурашкан. ИИМнин басма сөз кызматы, жыйынга катышкан кыргызстандыктар боюнча «ыкчам иликтөөлөр» жүрүп жатканын кабарлаган.

Аталган кайрылуу билдирилген маалымат жыйынына алты депутат катышып, алардын экөө башка партиядан болушса, калгандары КСДПдан.

Батыров — Жалал-Абаддык ишкер, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун лидерлеринин бири.

Кыргызстан бийлиги 2010-жылы Батыровду улуттар аралык араздашууну козуткан деп күнөөлөгөн. Кийинчерээк, «куралданган козголоңчу» жана «улуттар аралык чыр-чатакты козуткан» деген айып менен сыртынан соттолгон.

Батыров болсо, күнөөлөрүн моюндабай келет. 2010-жылдын жаз айларында Кыргызстандан чыгып кетип, Швециядан баш паанек тапкан. Ал 2016-жылга чейин эл алдына чыкпай келген.

Көп жыл үн катпай жүрүп, акыры 20-сентябрь күнү адам укуктары темасына арналган Варшавадагы ЕККУнун жыйынында пайда болду.

Жыйында сөз сүйлөп жатып, Батыров Кыргызстандын бийлигин сындады. Ал оппозиция куугунтукталып жаткандыгын айтып, өлкөдө демократия жок экендигин да кошумчалаган.

Жыйында Батыров менен катар Кыргызстанда белгилүү укук коргоочу, «Бир-Дүйнө-Кыргызстан» кыймылынын лидери  Төлөйкан Исмаилова да отурган.

Батыров менен Исмаилова жарандык коом үчүн бөлүнгөн залда отурушкан.