Клинтон менен Трамптын алгачкы дебаты: Эмне туура да, эмне калп?

АКШнын президенттигине талапкерлер, Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон жана республикачы Дональд Трамптын алгачкы талкуусу болуп өттү. Бул талкууда кандай чындык жана кандай жалгандар айтылды?

АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон жана Дональд Трамптын алгачкы талкуусу 26-сентябрда жыйынтыкталды. Талкуу бир жарым саатка созулуп, талапкерлердин айткан факттарын карап чыгууга ыңгайлуулук түзүлдү:

Трамп: «Биз жумуш орундарын жоготуудабыз»

Voxтон факт-чек: Туура эмес

Чындыгында, АКШда жумуш орундары кайрадан көбөйүүдө.

Трамп: «Мен Ирактагы согушту колдогон эмесмин»

CNNден факт-чек: Туура эмес

Талкуунун жүрүшүндө Клинтон Трамптын Ирактагы согушту колдогондугун айтты. Буга Трамп согуш башталганга чейин эле, каршы болгондугун айтып жооп берди. Бирок, Трамп Конгресс Иракта аскер күчтөрүн колдонуу тууралуу чечим чыккандан бир ай мурун эле басып кирүүнү жактаган.

Трамп: Клинтон Обаманын АКШда туулбагандыгы тууралуу айың кепти биринчи болуп тараткан

CNNден факт-чек: Туура эмес

Трамп Клинтонду 2008-жылы азыркы президент Барак Обаманын Америкада туулбагандыгы жөнүндө айың-кепти таратып жаткандыкта айыптады. Бирок, Клинтон Обаманын туулган жери тууралуу эч качан шектенбеген.

Клинтон: Курал — жаш кара терилүүлөрдүн өлүмүнүн негизги себеби

Politifactтан факт-чек: Туура

Бул чындыгында ушундай. Андан сырткары, кара терилүүлөрдү көп кармашат жана узак убакытка түрмөгө жаап салышат.

Трамп: «Нью-Йоркто өлтүрүүнүн саны өсүүдө»

CNNден факт-чек: Туура эмес

Чындыгында, бул туура эмес. Нью-Йорк полиция департаментинин маалыматында, мурдагы жылга салыштырмалуу өлтүрүүнүн саны 4,3 пайызга азайган.  

Клинтон: «Трамп климаттын өзгөрүүсүн "кытайлар ойлоп чыгарган мистика" деп атады»

Politifactтан факт-чек: Туура

Бул чындыгында туура. Трамп бул тууралуу 2012-жылы өзүнүн твиттер-аккаунтунда жазып чыккан эле. Анын айтуусунда, күндүн ысышы «америкалык өндүрүштү атаандашдыктан алып салуу үчүн Кытайдын ойлоп чыгарганы». Бирок, президенттикке ат салышуу башталганда, Трамп бул оюнан кайтып, тамаша деп сыпаттаган.

Трамп: «Сен (Клинтон) Ислам мамлекети менен бүт өмүр күрөшүп келдиң»

CNNден факт-чек: Туура эмес

Ислам мамлекети 2006-жылы пайда болгон, ал эми Клинтон 1947-жылы туулган.

Трамп: «Форд» Мичигандагы жана Огайодогу өкүлчүлүктөрүн жабууда

CNNден факт-чек: Туура эмес

Трамптын айтуусунда, «Форд» өндүрүшүн АКШдан Мексикага көчүрүүдө. Бул миңдеген жумуш орундарын жоготот. Бирок, бул чындыкка жатпайт. «Форд» Мексикада өкүлчүлүк ачып жатат жана Мичигандан да, Огайодон да кетпейт.

Трамп: Мексика дүйнөдө ири заводдорду курууда

Voxтон факт-чек: Туура эмес

Илон Масктын «Тесла» компаниясы Калифорнияда ири завод куруп жатат. Иштеп жаткан ири завод да АКШда жайгашкан. Аталган завод «Боинг» үчүн аэробустарды чогултат.

Трамп кош бойлуулукту иш берүүчүгө «ыңгайсыздык» катары айтканын четке какты

CNNден факт-чек: Туура эмес

Трамп чындыгында бул тууралуу айткан. 2004-жылдын октябрь айында кош бойлуулукту «укмуштай нерсе» деп туруп, аны «бизнес үчүн ыңгайсыздык» деп айткан.