Трамп жана Клинтон алгачкы талкууларда эмне жөнүндө сүйлөштү?

Экономика, расизм, өзөктүк курал — АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтон жана Дональд Трамп өздөрүнүн алгачкы талкууларында эмнелер жөнүндө кеп кылышты?

Клинтон менен Трамптын ортосундагы алгачкы дебаттар Нью-Йорк штатындагы Хофстра университетинде болду. Талкуунун модератору болуп NBCнин алып баруучусу Лестер Холт чыкты.

Экономика жөнүндө

Хиллари Клинтон америкалыктарга төлөнүп берүүчү эмгек өргүүсү жана колледждерде акысыз окутуу тууралуу кеп салып, байлар үчүн салыкты көтөрүү жана ири корпорациялар үчүн мыйзам чыгаруудагы «жылчыктарды» жабуу керектигин сунуштады.  

«Биз канчалык байларга жардам берсек, биз үчүн да пайдасы тиет деген ойдо [Трамп]. Ал эми менин тажрыйбам башка. Биз канчалык карапайым эл үчүн иштесек, өлкөбүз ошончолук өнүгөт», — деди Клинтон.

Трамп болсо, өз кезегинде өндүрүштү башка мамлекеттерден, айрыкча, Кытайдан кайтарып алууну айтты.

«Кытайдын эмне кылып жатканын карагыла… Алар биздин өлкөнү акча сактоочу кутучадай пайдаланып жатышат», — деп Трамп нараазы болду.  

Клинтондун айтуусунда, эгер Трамп президент болуп, өзүнүн пландарын ишке ашыра турган болсо, АКШнын экономикасы стагнацияга учурайт. Республикачылардан чыккан талапкер демократтардын экономика боюнча эч кандай иш мерчеми жоктугуна токтолгон.

«Биздин абдан жакшы пландарыбыз бар — 10 миллион жумуш орунун түзүү», — деп Клинтон жооп кайтарды.  

Расизм жөнүндө

Клинтондун айтуусунда, расалык маселе АКШдагы эң чоң чакырык бойдон калууда.

«Раса адамдын кайсы жерде жашап жаткандыгына абдан таасирин тийгизет [айлана-чөйрө] жана укук коргоочу, ошондой эле сот системасынын да мамилеси маанилүү», — деди ал.  

Демократтардан чыккан талапкер, АКШда полицияга болгон ишенимди кайтаруу жана куралга болгон маселелерди чечүү керектигин белгиледи. Анын пикиринде, полициянын афроамерикалыктарга болгон мамилеси боюнча көйгөйлөрдү карап чыгуу кажет.

Трамп афроамерикалыктар жана латынамерикалыктар жашаган аймактарды «тозок» деп атады.  

«Чикагодо 1-январдан баштап 1000 ок атышуу учуру катталган. Биз эмне, аскердик аймактабызбы? […] Куралы бар адамдар АКШда мыйзамсыз жүргөнүн да кезиктирүүгө болот — алар мыйзамсыз жүргөн мигранттар жана куралдангандар», — деди ал.

Ислам мамлекети жана өзөктүк курал жөнүндө

Трамп Клинтонду Ислам мамлекетинин пайда болушуна айыптады.

«Алар таптакыр жок болушу керек болчу! Бул сиз мамлекеттик катчы болуп турган кезиңизде пайда болду — азыр болсо, Ислам мамлекети 30 мамлекетте ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгына карабай, сиз [алар менен күрөшүүгө] бел байлап жатасыз», — деди талапкер.  

Хиллари Клинтон, өз кезегинде, Демократиялык партиянын Иран менен болгон сүйлөшүү жүргүзгөнүн айтып — америкалык дипломатия «бир ок чыгаруусуз» бул өлкөдө өзөктүк куралданууну токтотконун эске салып өттү.

Ал Трампты өзөктүк куралдануу боюнча «камырабагандыкка» айыптады.  

«Твиттердеги кат менен провокацияга үндөп койсо боло турган адамды, өзөктүк сыр сандарга жолотпош керек», — деди ал.

Трамп, өз кезегинде, адамзаттын эң чоң көйгөйү деп, күндүн ысышын эмес, өзөктүк куралданууну эсептээрин айтты.

Талапкерлер дагы эмнелер жөнүндө сүйлөштү?

Алып баруучунун Трамптын жарыяланбаган салык декларациясы жөнүндөгү суроосуна, Трамп бул декларацияны элге тааныштырууга даярмын деп жооп берди. Бирок, анын жактоочусу азырынча жарыялабаган туура экендигин айткандыгы үчүн, аудит бүтмөйүн сыр бойдон калаарын эскертти. Клинтон болсо, анын атаандашы салык төлөбөй жатышы мүмкүн экендигин кошумчалады: «Биздин аскерлер, ардагерлер, окуучулар жана ооруканаларыбызга ич күйөт», — деди ал.

Клинтон Трампка тийиштирип, Орусияны Демократиялык партияга карата хакердик чабуулга айыптады.

«Орусия биздин мамлекеттин уюмдарына карата киберчабуулдарды уюштуруп жатат, мен муну менен абдан убара болуудамын — Дональд [Трамп] Владимир Путинди мактап жатат. Ал Демократиялык партиянын Улуттук комитетин бузуп кирүүгө хакерлерге мүмкүнчүлүк жаратып берүүдө», — деди ал.

Трамп болсо, демократтарга ким чабуул койгондугун билбээрин айтты — Орусиябы же Кытайбы — АКШ өз интернетин көзөмөлдөй калбай калгандыгын кошумчалады.  

Алып баруучу Дональд Трамптан Хиллари Клинтон «президенттей көрүнбөйт» деп айткандыгы боюнча да сурады. Республикачылардан чыккан талапкер, Клинтонго президент болуу үчүн чыдамкайлык жетишпейт деп жооп берди.  

Клинтон болсо, Трампка жооп иретинде аялдар тууралуу айткандарын эске салды: «бул киши аялдарды чочкого салыштырып, шалаакы, жалкоо деп атап, кош бойлуулукту иш берүүчүгө ыңгайсыздык катары баалаган».  

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда 58-жолу өткөрүлөт. Азыркы президент Барак Обама өзүнүн экинчи президенттик мөөнөтүн өтөп бүтүп, Ак үйдөн кетет.