Укук коргоочу Баш мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча парламентти сотко берди

Укук коргоочу Рита Карасартова депутаттардын референдум өткөрүү боюнча кабыл алган чечимин жараксыз деп табууну талап кылууда. Анын айтуусунда, бул Кыргызстандын мыйзамын бузууда.

Карасартова Бишкектин Райондор аралык сотуна арызын 29-сентябрда жазган. Ал конституциялык реформа боюнча профилдик комитеттин референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун жараксыз деп табууну талап кылууда.

Карасартова Kloop.kgге курган маегинде айткандай, ал парламент комитетинин жыйынына катышып, мыйзам долбоорун кабыл алууда укук бузуулардын күбөсү болгон.

Анын билдиргенине караганда, укук коргоочулар депутаттардын мыйзам бузууга жол бербөөсү үчүн жыйынга атайын катышкан, бирок бул да депутаттарга Конституциялык палатанын корутундусуз эле мыйзам долбоорун кабыл алуусуна тоскоол болгон жок.

Конституциялык палатанын корутундусунан башка дагы, мыйзам долбоорун кабыл алууда укуктук, гендердик, паракорчулукка каршы жана укук коргоочулук экспертизалары да болгон эмес, дейт Карасартова.

«Коомдук талкуулар кайсыл жерде болду? Бул деген маанилүү кадам! Иса Өмүркуловдун өзүнүн шайлоочулары менен жолугуп жатканын коомдук талкуу дегенге болбойт! Коомдук талкуу болот деп кимге кабар бердиңер? Протоколдор кана? Алар эч нерсени көрсөткөн жок», — деди ал.

Карасартова тастыктагандай, мыйзам долбоорун кабыл алууда соттук-укуктук нормалары бузулган. Укук коргоочу мыйзам долбоорун кийинкиге калтыруу үчүн болгон добуш берүүнүн жыйынтыктарына да нараазы.

«Бул маселени күн тартибинен алып салуу боюнча сунуштар болду. "Ким макул?" десе, төрт адам кол көтөрдү. "Ким каршы?" десе, баары нараазы болуп чыгышты. Добуш бербей коюшту […] Демек, чечим төрт добуш менен эле чечим кабыл алынган», — деи ал.

Карасартова Kloop.kgге билдиргендей, азыр сотто анын арызы каралып жатат. «Системаны биле туруп», бийликке жагынбай адилет чечим кабыл алат деп ишеним артат.  

«Эгер палатанын корутундусу жок болсо, комитет кантип корутунду бере алат? Жадагалса, жөнөкөй мыйзамдар үчүн да экспертизалар керек, а бул деген Башкы мыйзам. Өзүн-өзү өлтүргүсү келген соттор гана "баары жакшы болгон" деп айта алат деп ойлойм. Алар дагы эмнени ойлоп чыгаарын билбейм, бирок биздин аргументтерибиз салмактуу», — деди ал.  

Конституциялык мыйзам чыгаруу комитети 27-сентябрь күнү
Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырган. «Бир бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова, мыйзам долбоору «мыйзам бузуулар» менен коштолгонун айтып чыккан эле.   

Жакупова референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алуу жараянында мыйзам бузуулар болгондугун айткан, бирок буга карабастан, комитет мыйзам долбоорун кабыл алып, аны парламентке жөнөткөн.

Парламентте 29-сентябрь күнү депутаттар референдум жөнүндөгү мыйзам долбоорду үч окуунун биринчисинде эле кабыл алышкан — 94 депутат макулдугун берсе, 11 депутат каршы добуш берген.

Тема боюнча: Конституциядагы өзгөртүүлөр: Комитет референдумдун мөөнөтүн «мыйзам бузуулар» менен дайындады