Ала качкан адамдан 15 жашта балалуу болуу: Чет өлкөлүк журналисттер ала качуу жөнүндө

Нидерланды жана Орусиядан келген журналисттер Кыргызстандагы ала качуу салты боюнча даректүү тасма тартып жатышат. Алар 50 адамдан сурамжылоо жүргүзгөндө, дээрлик баардыгы ала качууга күбө болгонун айтышкан.

Ирис Оппэлаар жетектеген нидерланддык жана Константин Саломатин жетектеген орус журналисттери Бишкекте жана Ыссык-Көлдүн айланасында ала качуу салты боюнча сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Алар кыргызстандыктар айтып берген бир нече окуяларды Kloop.kg менен бөлүшүштү.

Баяндоо Оппэлаар жана Саломатиндин атынан жүрөт.

Ала качып кетпесин деп айылдан кетүү

Биз иликтөөнү түндүк тараптан баштадык. Эки аптанын ичинде Ыссык-Көл облусунун бир канча аймактарында жана Бишкекте болдук. Түрдүү адамдар менен баарлаштык: эркектер, аялдар, жигиттер жана кыздар менен. Ала качууга тыгыз байланышы бар каармандардын жашоосун кылдаттык менен изилдедик: алардын күнүмдүк турмушун, жумушун жана эс алуусун. Мындай окуялар 15тен кем эмес кезикти.

Эки жыл мурда ала качууга аракет кылган бир кыз менен жолугуп калдык, бирок ал уурдап кеткен адамга турмушка чыккысы келбей, качып кеткен. Азыр ал 26 жашта. Дагы эле турмушка чыга элек, ошондуктан коомчулук тарабынан басынтууга учурап жатканын айтты.

Биз анын сезимдерин түшүнүүгө аракет кылдык. Анын үй-бүлөсү заманга ылайык жашап, атасы кызын ала качып кеткенин укканда эле, өзү келген экен. Ал бир гана суроо бериптир: «Кызым, сен ушул адам менен каласыңбы?» Кыз жок деп жооп берген. Анда атасы кызын алып кетип калып, азыр жеке бизнесин түптөөгө жардам берип жатыптыр.

Биз байкагандай, ата-энелер кыздарын «ала качуудан» сактаганга аракет кылышат экен. Кыздын энеси менен сүйлөшсөк, аны да 20 жыл мурда ала качып кеткен экен. Ошондуктан, азыр кызын шаарга жиберип, айыл жеринде ала качып кетүү мүмкүнчүлүгү чоң экенин айтып берди.   

Уурдап кеткен адамдан балалуу болуу

Айрым заманбап жашаган түгөйлөр деле «ала качуу» салтын колдонушат, бирок алар башында келишип алышат экен. Тагыраагы, кыз жигитти сүйгөнү үчүн аны ала качып кетүүсүнө макулдугун берет. Алар ала качууну салтка болгон урмат деген мааниде кылышат. Бул бир аз башкача кырдаал.

Респонденттердин арасынан бирөөсү аны 14 жашында уурдап кетишкенин айтты. Үйлөнүү тойдон төрт ай өткөн соң, кош бойлуу боло туруп төркүнүнө кетип калган. Бул абдан кайгылуу көрүнүш. Ал бүгүнкү күнгө чейин ушул сезим менен жашап келет. Азыр 21 жашта, эки балалуу, балдарынын бирөөсү уурдап кеткен кишиден.

Биздин иликтөөлөрүбүздүн негизги максаты, эмне үчүн бул салт бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатканын билүү. Негизги себептердин бири, салт жана кыз-жигиттин батыраак турмуш куруп алуулары үчүн экен.

Түрдүү кырдаалдарга байланыштуу, эгер кыз окуса, сүйлөшкөн жигитин күтүп туруусун сурайт, ал эми жигити убакытты өткөргүсү келбесе, ала качуу жолу менен үйлөнүп алат.

Тема боюнча: Ала качуу кыргыз үй-бүлөлөрүн кантип бузууда?

«Мындай салт бизге кереги жок»

Адамдар «ала качуу» салтына түрдүү көз карашта. Кыздар аларды «мал катары» автоунаага тыга качууга каршы экендиктерин айтышат. Ал эми жигиттер болсо, салтка каршы эмес болуп өзүнө жагып калган кыздарды ала качып кетээрин билдиришет. Ал эми 20 жыш улуу кишилер болсо баары аялдарын ала качып алгандарын айтышат. Ал убакта бул салт кадимки эле көрүнүш болчу экен. Эми болсо, уулдары келинчегин ала качып алуусуна же кыздарын уурдап кетүүгө каршы болуп калышкан.

Андан сырткары, окуучулардын арасында сурамжылоо жүргүздүк. Балдар болочоктогу жубайларын ала качып кетээрин айтышып, бирок бир тараптан каршыбыз деп да коюшат. Тагыраагы, бул суроого эмне деп жооп берүүнү билишпейт, салтка ыктап коюшууда. Ал эми кыздар болсо, каршыбыз дешип, мындай бизге кереги жок деген ойдо.

Орусчасынан ала-качуу

Бул салт жөнүндө айтып бере турган адамдарды табуу кыйынчылык жараткан жок.

Биз баарлашкан адамдардын баары «ала-качуу» салты менен бетме-бет келген экен: кимдир-бирөөнүн агасы жеңесин ала качып келген, же чоң энесин уурдап кетишкенин айтышат. Бишкекте жолдон өтүп бараткан эле адамдардан сурасак, алардын ар бири тууган-туушкандары ала качуу жолу менен үйлөнүп алышканын айтып беришти.

Мен сегиз жыл мурда Кыргызстанга келип, бул салт боюнча изилдөө жүргүзгөм. Ошондо кыз ала качууга туш болуп калгам. Кызды ала качып келгенде эле, аялдар жана чоң апалар келип, аны калууга көндүрө башташты. Мен болуп жаткан окуяны тартып жатканыма эч ким эч нерсе деген эмес, азыр болсо мындай болбойт деп айтышат.

Бул салт кыргыздардыкы эле эмес. Биз үйлөнүү тойдо болгонбуз, анда орус аял 20 жыл мурда ала качуу салтын уюштурганын айтып берди. Үйлөнө турган жигит абдан тартынчаак болгондуктан, ата-энеси ала качууга жардам берүүсүн өтүнгөн. Ошентип, баары биргеликте «ала-качууну» уюштурган экен.   

Тема боюнча: Бихарчасынан ала-качуу. Индияда турмуш куруу үчүн эркектерди ала качышат

***

Ирис Оппэлаар Орто Азия аймактарын изилдөө боюнча магистр даражасын алган. Ал Нидерландыда ала качуу боюнча бир канча репортаждарды көргөн соң, Кыргызстанга келип, бул салт тууралуу изилдей баштаган.

Азыр ал «ала-качуу» боюнча жеке даректүү тасмасын тартып жаткан убагы. Ирис Кыргызстандын түндүк аймагындагы жашоочулар менен жолугушуп, «ала-качуу» салтына болгон көз караш жана түрдүү окуяларды топтоп жүрөт. Бул чөйрөдө ага орусиялык Константин Саломатин жардам берип жатат, ал өзү көп жылдардан бери Кыргызстанда ала-качуу боюнча изилдөө жүргүзүп келет.   

«Аялдарга колдоо көрсөтүү борбору» жана «Кыз коргон» институтунун маалыматтарына караганда, Кыргызстанда күн сайын 32 кыз ала качуу фактысы катталат — анын ичинен алты учурда кыздар зордуктоого кабылышат.

Омбудсмендин мамлекеттик институнун статистикасы боюнча, 2014-жылы ала качуу окуялары бир кыйла аз катталган. Институттун маалыматында, уурдалып кеткен кыздардын 80 пайызы турмуш куруп калат, ал эми калган 20 пайызы кайра кетүүгө аракеттенишет.

Кызды ала качуу 2012-жылы кылмыш иши катары каралып калды. Анда Кылмыш жана жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, кыз уурдап качкан жигиттер жети жылга эркинен ажыратылаары көрсөтүлгөн.

ИИМнин маалыматы боюнча, 2015-жылда Кылмыш жана жаза кодексине ылайык, зордуктоо жолу менен турмуш курууда 25 кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүп берилген.

ИИМнин басма сөз кызматынын өкүлү Адыл Оморов Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, көпчүлүк учурда ала качып кеткен кыздардын ата-энеси эл алдындагы шермендечиликтен тартынып, милицияга кабар беришпейт.

«Эгер ала качуу боюнча арыз келип түшсө, биз аны дароо карайбыз, бирок ата-энелер шерменде болобуз дешип милицияга кайрылбайт. Ала качкан мезгилде милицияга билдирилбейт, жаш түгөйлөр расмий каттоодон өткөндөн соң, бул кылмыш болуп эсептелбей калат», — деди ал.  

Соавтор: Анна Капушенко
Видео: Тилек Бейшеналы уулу