Мэрия: «Дельфин» бассейнин оңдоп-түзөөдө аткаруучу компания мыйзамдуу тандалган

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш компаниясы «Дельфин» бассейнин оңдоп-түзөө үчүн аткаруучу компания мыйзам чегинде тандалып алынганын билдирди. Тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 2-октябрь күнү Башкы прокуратура иш козгогон эле.  

Мэриянын расмий сайтында жарыялангандай, Капиталдык курулуш башкармалыгы (ККБ) «кылмыш иши козголгонун ЖМК аркылуу билген».  

«Бишкек шаарынын мэриясы ага карата козголгон кылмыш иши менен таанышкан эмес. Башкы прокуратура ОсОО "О.И." карата айыптоолорун жана Бишкек мэриясынын ишмердүүлүгүнө козголгон ишти мыйзам чегинде карап, башкармалыкты негизсиз жоопко тартпайт деп үмүт кылабыз», — деп жазылат маалыматта.  

Капиталдык курулуш башкармалыгы «Дельфин» бассейнин оңдоп-түзөөсүнө келген жети сунушту карап чыгышкан — квалификациялык талаптар боюнча бир компания өтпөй калган, техникалык жактан комиссия дагы төрт компанияны өткөргөн эмес.

Жыйынтыгында, эки компания калган:

  • ОсОО «Комстрой Компани» ОсОО «Баден Сервис СЭЗ» менен консорциум түзүп, ремонт иштерин 47 миллион 700 миң сомго бүтүрүп берүүнү убада кылышкан;
  • ОсОО СТП «Азат» болсо — за 48 миллион 224 миң сомго.

«Сынактык комиссия ОсОО “К.К.” [«Комстрой Компани»] айткан баадан да төмөн наркта келишим түзүүгө аракет кылды. Ошондуктан, тендер өткөрүүдө аткаруучу компания "Мамлекеттик сатып алуулар" Мыйзамына туура келчүдөй тандалып алынган деп эсептейбиз», — деп билдирди ККБ.

Маалыматка караганда, бассейнди ремонттоп жаткан компания «аналогдук иштерде тажрыйбасы чоң» болуп, Кыргызстанда гана эмес, чет өлкөдө да таанымал.  

ККБнын маалыматында, бассейндин оңдоп-түзөө иштери курулуш эрежелерин сактоо менен эки сменада аткарылып жатат.

«Орточо эсеп менен 70-100 жумушчу иштеп жатат. Имараттын конструкциясын жасоо менен бирге, вентиляциялык, сантехникалык, бетондоо, ширетүү иштери да жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.  

ККБнын билдиришинче, ремонттоо иштеринин жүрүшүндө, долбоордо каралбаган иштер да чыгууда. Ошондуктан, кошумча каражат жана убакыт керектелүүдө.

Башкы прокуратура 2-октябрь күнү ККБга каршы кылмыш ишин козгогон. Анда кызматтык ордунан кыянаттык менен пайдалануу жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына туура келбеген келишим түзүү боюнча айып коюлган.

Бассейн 1-октябрда пайдаланууга берилиши керек эле, бирок ремонт иштери бүтө элек. «Комстрой Компани» компаниясы болсо, 37,65 миллион сом алган.

«Дельфин» бассейни 2011-жылы ремонтко жабылган. Бишкек мэри Албек Ибраимов үстүбүздөгү жылдын май айында бассейндин оңдоп-түзөө иштерине 57,6 миллион сом бөлүнгөнүн айткан. Бассейнде көп жылдар бою улуттук курама команда машыгып келген.