«Атамекенчи» Кудайберген Базарбаев социалдык өнүктүрүү министри кызматынан кетти

«Ата Мекен» фракциясынын квотасы менен өкмөткө кирген Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев 11-октябрда отставкага кетти. Бул «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы чыр-чатактын фонунда болууда.

Президент Алмазбек Атамбаев 11-октябрда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин отставкасын кабыл алды. Базарбаев акыркы эки айда аткаруу органдарындагы кызматтан алынган «Ата Мекен» фракциясынын үчүнчү кызматкери болуп калды.

Базарбаев «Заноза» маалымат агенттигине курган маегинде өз каалоосу менен кызматтан кетип жатканын айткан.

«Мен өз каалоом менен кызматтан кетүү арызымды жаздым, мунун депутаттык комиссияга эч кандай байланышы жок. Жагдайлар ушундай болуп калды», — деди ал.

«Спутник» маалымат агенттигине Базарбаевдин айтышынча, «баары абалды саясатташтырууда, бирок буга эч кандай негиз жок».

Комитет отурумунда депутаттык комиссия 10-октябрда министрликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктарын угузган. Комиссия мекеме жетекчилигинин биле туруп аракетсиздикке барганын жана төмөн аткаруу дисциплинасын аныктап чыккан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ошондой эле мекеме бюджеттик каражаттарды негизсиз сарптап, а жетекчилик болсо кызматтык абалынан кыянат пайдаланган. Депутаттар социалдык кызматтарды түзүү жана социалдык программалар учурунда коррупциялык рисктерди аныктап чыгышкан.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Токторовдун маалыматы боюнча, министрлик майып балдарды колдоого караганда үй-бүлөдөгү аталыкты изилдөөгө эки эсе көп каражат короткон.

«Базарбаев жана анын орун басары Жылдыз Полотова өздөрүнүн кызматтык абалдарынан кыянат пайдаланган. Алар 2014-жылы мамлекеттик буйрутма аркылуу аталган изилдөөгө республикалык бюджеттен 899 миң 926 сом караштырган. Ошол эле убакта күндүзгү иштеген борборлордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүгө болгону 500 миң сом бөлүнгөн», — деди ал.

Комиссия текшерүүнүн натыйжаларын өкмөт менен Башкы прокуратурага өткөрүп берүүнү чечкен. Депутаттар премьер-министр Сооронбай Жээнбековго кайрылып, министрдин ишин жетишсиз деп табуу боюнча маселе коюусун айткан.

«Партия мүчөлөрүн куугунтуктоо»

Акыркы эки айда дагы эки чиновник аткаруу органдарындагы кызматтарынан четтетилген. Алар «Ата Мекен» фракциясынан квота боюнча иштеп жатышкан.

Премьер-министр Жээнбеков 6-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын орун басары Марат Таировду кызматтан кетирген.

«Менин жеке оюм боюнча, мени "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болгонум үчүн кызматтан айдады. Башкача айтканда, мен бул кызматка "Ата Мекендин" квотасы боюнча келген элем. Негизги себеп ошол. Өз милдеттеримди так аткарганга аракет кылдым, аткарган жумушумду эч ким сындаган эмес», — деген ал «КирТАГ» маалымат агенттигине.

Президент юстиция министринин орун басары Абермет Кутуеванын отставкасын 5-сентябрда колдогон.

ЖМК Кутуеванын кызматтан кетүүсүнүн себебин Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөргө каршы пикирде болгону менен байланыштырып жазып чыккан. Бирок өкмөттүн басма сөз борборунан түшүндүрүшкөндөй, Кутуеванын кызматтан кетүүсү аталган маселе боюнча пикири менен байланыштуу эмес — Кутуева «кызматтык абалын жөнсүз аткарганы» үчүн катуу сөгүш алган.

«Ата Мекендин» секретариатынан Кутуева менен Таиров кызматтан алынгандан кийин билдиришкендей, Кыргызстанда «партиянын мүчөлөрү жана анын тилектештерине куугунтук» болууда.

«Учурда "Ата Мекендиин" квотасы менен кызматта бир гана министр жана бир канча министрдин орун басарлары бар. КСДП республика боюнча бардык кызматтарды жөнгө салууда. Өлкөдө бардык мэр, негизги акимдер, соттордо, парламент — баары КСДПнын адамдары менен курчалган», — деп кабарлаган ошондо секретариат.

Партиянын пикиринде, «куугунтуктар» «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыкканы үчүн башталган.