Конституциялык палата Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жактырды

Конституциялык палатанын соттору президент администрациясы жана парламенттеги көпчүлүк депутаттар тарабынан демилгеленип жаткан Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө мыйзам бузууларды тапкан эмес. Укук коргоочулар соттор өз чечимдери менен соттордун көз карандысыздыгы принцибин сактаган жок деп эсептешет.

Өз чечимин Конституциялык палата (КП) 11-октябрда кечинде окуду. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун текшерүү президенттик социал-демократтар партиясынын (КСДП) өтүнүчү менен жүргүзүлгөн.

Корутундуну КПнын 11 соту чыгарды — соттордун бири өзгөчө пикирде болгон, бирок ким жана кандай пикирде болгону белгисиз.

Отурумда катышкан укук коргоочу Рита Карасартова Kloop.kgге айткандай, КП өзгөртүүлөр «фундаменталдык укуктарга жана демократиялык түзүлүшкө карама каршы келбейт» деп билдирген.

Айтымында, КП өзгөртүүлөр жарандардын укуктарын бузуп-бузбаганын, демилгеленген өзгөртүүлөр процедуралар боюнча болуп жатабы-жокпу, өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө жана түзүлүшүнө карама каршы келеби-жокпу дегендерге баа бериши керек болчу. Карасартованын белгилешинче, соттор жогоруда аталган пункттар боюнча оң корутунду чыгарышкан.

«Бүгүн Конситуциялык палатанын соттору иш жүзүндө конституциялык түзүлүштү өзгөртүштү. Алар соттордун көз карандысыздыгы принциптерине баш ийген жок, эгер эртең алардын артынан түшүп, камап, басмырлап, тебелеп-тепсеп салса, анда алар мындай жашоого татыктуу», — деди ал.

КСДП фракциясынын лидери жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Иса Өмүркулов Kloop.kgге мындай чечимди күткөнүн айтты.

«Бүгүн Конституциялык палатанын киргизилип жаткан өзгөртүүлөр мыйзамдарга каршы келбейт деген чечими боюнча сот болду. Баары мыйзамдын чегинде, мыйзам бузуулар жок. [...] Бүгүн Конституциялык палата бардык мөөнөт жана процедуралар мыйзам боюнча болгонун ырастады», — деди ал.

Өзгөртүүлөр өкмөттүн ыйгарым укуктарын көбөйтүп, сот бийлигинин үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт. Андан сырткары, адам укуктары багытындагы улуттук мыйзам чыгаруудан жогору турган эл аралык келишимдердин артыкчылыктарынан баш тартуу сунушталууда.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү парламент депутаттары демилгелеп, аны президент Алмазбек Атамбаев колдогон. Алардын ою боюнча, өзгөртүүлөр бийликтин узурпацияланышына каршы күрөшүүгө өбөлгө түзүп, мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдарынын ортосундагы карым-катнашты күчтөндүрөт.

Өзгөртүүлөрдүн каршылаштары — экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, айрым парламент депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү.

Алар Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр мамлекетте демократиянын жоголушуна алып келет жана бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту бузат деп эсептешет. Ошондой эле алар белгилегендей, өзгөртүүлөр парламентке мыйзам бузуулар менен демилгеленип киргизилген.

Тема боюнча:

Соавтор: Александра Титова
Сүрөт: constpalata.kg