Конституция боюнча референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунан өттү

Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунан өттү. Документти талкуулоо кызуу талаш-тартыштар менен коштолду.

Референдум жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин биринчи окуусунан эле өттү — 94 депутат макул болсо, 11 депутат каршы добуш берген.

Бирок, Kloop.kgнин кабарчысынын байкашынча, отурумда депутаттардын саны 105тен да аз болду. Муну «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова айтып, «жалган добуш берүү» болбосун деген максатта, келбеген депутаттардын компьютерлерин өчүрүп коюуну суранды, бирок анын өтүнүчү аткарылган жок.   

Мыйзам долбоорун кабыл алуу жараянында депутаттар арасында кызуу талаш-тартыштар жаралды. Негизинен, «Ата Мекен» жана «Бир бол» фракциялары референдум жана өзгөртүүлөргө каршы пикир билдиришти.   

Ал эми президенттештирилген КСДП жана «Кыргызстан» фракциялары — Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүүнү колдошту.  

«Ата Мекенчи» Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, азыркы Баш мыйзам өкмөт менен парламенттин ортосунда тең салмактуулукту сактап турат. Ал өзгөртүүлөр парламентти «чөнтөкчөгө» айлантып коёт деп айтууда.   

«Парламенттин орду жоголот. Коалиция эч качан тарабайт жана премьер-министр алты жыл бою башкарып отура берет. Бул бир же эки партиянын авторитардык режимине алып келет», — деди ал.  

«Бир бол» фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов болсо, парламент Конституциядагы өзгөртүүлөрдү «шашылыш түрдө» эмес, кылдат карап чыгуусу керек деген оюн билдирди.  

«Аткаруучу бийликтин туруктуулугу»

Көпчүлүк коалициянын лидери Канатбек Исаев болсо, өзгөртүүлөр мамлекеттин суверенитетин бекемдейт деп эсептейт.

«Мамлекеттин экономикасы, элдин жашоосу — оңолгон жок. Бизде 29 өкмөт башчы алмашты. Бир жылдын ичинде бир мекеменин ишин алдыга жылдыруу мүмкүн эмес. Бир жыл аралыгында, эми эле тармакты үйрөнүп чыгат, а биз болсо өнүктүрүүнү талап кылып жатабыз», — деди ал.  

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабановдун айтуусунда, өзгөртүүлөр аткаруу бийлигине туруктуулукту алып келет.  

«Бизде президенттик-парламенттик формасы иштейт, себеби өлкө башчысы министрлерди дайындайт. Бирок, бул маселени премьер-министр чечиши керек. Бир да парламенттик партия министрлер кабинетинин мүчөлөрүн шайлай албайт», — деди ал.  

Конституциялык реформа

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген депутаттар, президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жактырылган мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгышкан.

Өзгөртүүлөр өкмөттүн ыйгарым укуктарын көбөйтүп, сот бийлигинин үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт. Андан сырткары, Кыргызстанда адам укуктары эл аралык келишимдер менен эмес, улуттук мыйзам чыгаруунун негизинде башкарылат.  

Өзгөртүүлөрдүн каршылаштары — экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү жана айрым депутаттар Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр мамлекетте демократиянын жоголушуна алып келет деп эсептешет.  

Өзгөртүүлөрдүн тарапташтары болсо, тескерисинче, өзгөртүүлөр Кыргызстандын көз карандысыздыгына оң таасирин тийгизип, бийликти узурпациялап алуудан сактайт деп бекемдешүудө.

Соавтор: Сезим Каныбекова
Видео: Азамат Каработоев