БУУ АУЖКБ: Укук коргоочулар Кыргызстандын бийлиги үчүн «бута болуп калышты»

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (БУУ АУЖКБ) Борбор Азия боюнча аймактык башкармалыгы Кыргызстанда укук коргоочуларга карата мамлекеттик органдар тарабынан терс маанидеги билдирүүлөр жана опузалар күчөгөнүн билдирди.

Билдирүүгө ылайык, БУУ АУЖКБ Кыргызстанда укук коргоочулардын иши үчүн мүмкүнчүлүк азайып баратат.

Уюмдун басма сөз үчүн маалыматында, укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун жанында отурушканы үчүн «маскаралоого кабылышканы» айтылат.

«Кыргыз Республикасынын парламентинин депутаттары алардын аракетине баа берип, аталган эки укук коргоочуга карата укуктук чара көрүүнү талап кылууга чейин барышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Басма сөз үчүн маалыматта укук коргоочулар жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу мамлекеттик органдардын терс маанайдагы билдирүүлөрү жана опузасы күч алганы «тынчсыздануу жаратканы» белгиленет.

БУУ АУЖКБнын маалыматы боюнча, расмий адамдар укук коргоочуларды бир нече ирет сынга алышкан, аларды «чет элдик каржы жардамынын куралы» катары көрсөтүшөт жана өлкөгө коркунуч келтире турган саясий максаттары бар деп айыптап келишет.
Ошондой эле БУУ АУЖКБ 2015-жылдын башынан тартып укук коргоочулар өлкөнүн бийлиги үчүн «бута болуп калганын» билдирет.

«Ош шаарындагы укук коргоочулардын кеңсеси жана үйлөрү мыйзамсыз тинтилип, анын жүрүшүндө жашыруун мүнөздөгү материалдар конфискацияланып, кийин сот ал аракеттердин баарын мыйзамсыз деп тапкан», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул укук коргоочуларга карата «коомдук пикирге олуттуу таасир тийгизгендиктен», АУЖКБнын аймактык кеңсеси буга байланыштуу өкүнүчүн билдирди.

БУУнун Адам укуктары боюнча Башкы Комиссарынын аймактык өкүлү Ришард Коменда Кыргызстан 1994-жылы Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пактыны ратификациялагандыктан, өлкө укук коргоочуларды, анын ичинде алардын ой эркиндигине, тынч чогулууга жана ассоциацияларга биригүүгө болгон укугун «коргоого милдеттүү» экенин айтты.

Коменда Кыргызстандын жетекчилигин укук коргоочуларды «маскаралоого, кемсинтүүгө жана опузалоого» каршы жигердүү каршы турууга үндөдү.

«Кыргызстан ачык билдирүүлөр, саясат жана мыйзамдар аркылуу адам укуктарын, демократияны жана укук үстөмдүгүн илгерилетүүдө укук коргоочулардын маанисин жана мыйзамдуу ролун таанууга тийиш», — деди ал.

Азырынча Кыргызстандын бийлиги БУУ АУЖКБнын билдирүүсү тууралуу эч нерсе айта элек.

Кыргызстан — укук коргоочулардын ролу тууралуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы үчүн 2015-жылы добуш берген бул аймактагы жападан-жалгыз өлкө. Коменда Кыргызстан өлкөдө адам укуктарын илгерилетүүгө жана коргоого укук коргоочулардын кошкон салымына өбөлгө түзүшү зарыл экенин белгиледи.

Парламенттин депутаттары Батыровдун жанында отурган кыргызстандыктардын жүрүш-турушуна «баа берүүгө» укук коргоо органдарын үндөгөн соң Кыргызстан ИИМи укук коргоочулардын ишмердүүлүгүн текшере баштаган. Депутаттар Кыргызстандын жарандары «жылмайып», Батыровдун пикири менен «макул болуп» отурушканын белгилешкен.

Батыровдун жанында отурган Исмаилова өзүнө карата басым ЖМКдан жана парламент комитетинен айтылган сын жана айыптоо түрүндө болгонун айтып чыкты.

«Ал [басым] ачык эле болду, баарыбыз көрдүк. Биз жабыркадык, анткени мамлекеттик телеканал жана сыналгы абдан жакшы иштеди. Туугандарыбыз тынчсыздана баштады», — деди Исмаилова.

Анын айтымында, ким менен, кантип отурат, күлөбү же жокпу — ал анын жеке укугу.
Кадыржан Батыров — Жалал-Абад облусундагы ишкер, парламент депутаты жана Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомчулугунун мурдагы башчысы.
2010-жылы ал кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улут аралык чатактын себепчиси катары көрсөтүлгөн. Кийин аны өзү жокто «куралдуу көтөрүлүш» жана «улут аралык чатак чыгаруу» үчүн өмүр бою эркинен ажыратууга сырттан өкүм чыккан.

Батыров өз күнөөсүн мойнуна албай, 2010-жылдын жазында өлкөдөн чыгып кетип, Швециядан башпаанек тапкан.