Жогорку Кеңештин депутаттары «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп бүткөн соң аны экинчи окууда колдошту. Документ үчүн алардын 98и добуш берип, 11и каршы чыгышты. Эл өкүлдөрү шайлоочулар бардык түзөтүүлөр топтому үчүн добуш берсин деген чечимге келишти.
«Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору жалпы элдик добуш берүүнүн жол-жобосун тактайт. Документтин иштелип бүткөн версиясына ылайык, добуш берүү электрондук урналардын жардамы менен жүрөт. Ал үчүн жарандардын биометрикалык маалыматтарын жана электрондук тизмелерди колдонуу каралууда.
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев Конституцияга киргизиле турган ар бир түзөтүү үчүн өзүнчө добуш берүүнү сунуш кылды.
«Бюллетенде ар бир түзөтүү жазылат жана анын жанында же "макул", же "каршы" деп добуш берүүгө болот. Азербайжанда ошентип добуш беришкен», — деди ал.
КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов бул сунушка каршы чыкты.
«Азыр Конституциянын 25 беренесине 36 түзөтүү киргизүү сунуш кылынып жатат. Эгерде биз ар бир түзөтүүгө "макул" жана "каршы" деген чарчы коё берсек, адис юристке да аны териштириш татаал болуп калат. Баарынан да бирдиктүүлүк жоголуп кетет. Бюллетенди даярдоо боюнча да кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүн», — деди ал.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев депутаттарга шайлоочулардын өздүгүн аныктоо жагынан техникалык маселе болбошу керек деди.
«Эгерде жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана референдум бир күндө өтө турган болсо, бир компьютерге эки башка тизмени киргизүүгө биз техникалык жактан даярбыз», — деди ал.
БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова референдумду берене боюнча добуш берүү менен өткөрүүдө техникалык кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн экенин билдирди.
«Референдумда добуш берүүнү берене боюнча өткөрсө болот деген депутаттын сунушу менен мен макулмун. […] Бизде бул принцип референдумда колдонулуп көргөн эмес, бизде жөн эле тестирлөөгө да убакыт жетпей калат. Азыркы тапта биз аны шыдыр өткөрө алабыз деп айта албайм, бизде техникалык мүмкүнчүлүк жок», — деп түшүндүрдү ал.
Анын айтымында, БШК колдонгон программалык жабдуу бир өңчөй добуш берүүгө гана ылайыкталып, аппарат «макул» же «каршы» берилген бир гана жоопту окуй алат.
«Жалпы улуттук добуш берүүгө программаны ылайыкташтырууну биз келечекке пландаганбыз. Азыр программа "ооба" же "жок" деген бир өңчөй добуш берүүгө ылайыкташкан», — деди Шайлдабекова.
«Бир Бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова болсо берене боюнча добуш берилмейинче референдум «формалдуу» мүнөздө болот, аны өткөрүүнүн мааниси деле жок деп эсептейт.
«БШКнын төрайымы келечекте референдумда берене боюнча добуш берүүгө өтүү пландалып жатканын, анткени бул шайлочулардын пикирин толугураак билдирээрин айтты. Азыр бул техникалык жактан мүмкүн эмес экен. Анда биз референдум өткөрүүгө даяр эмес экенибизди моюнга алышыбыз керек да. Элди чаташтырып эмне кереги бар?» — деди ал.
Анын пикирин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев да колдоп, көп кишилер Конституцияга кандай өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билишпей турганын белгиледи.
Жыйынтыгында депутаттар референдумда шайлоочулар түзөтүүлөрдүн бардык топтому үчүн добуш берет деп чечишти.
Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз жыйынында Шайлдабекова, эгерде парламент 11-декабрды жалпы элдик добуш берүү күнү катары белгилесе, ал күнү референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүгө Боршайком даяр экенин белгиледи. Анын айтымында, бул 200 миллион сомдон ашуун акчаны үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүк берет.
«Биз референдумду өткөрүүгө физикалык жактан да, моралдык жактан да даярбыз. Жергиликтүү кеңештерге шайлоону жана референдумду чогуу өткөрүү кыйла орчундуу сумманы, 314 миллион сомду үнөмдөп калууга мүмкүнчүлүк берет. БШК эле 70-80 миллион сом үнөмдөп кала алат», — деди Шайлдабекова.
«Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору
Мыйзам долбоору парламент депутаттарынан ушуну менен экинчи жолу экинчи окууда колдоо таап отурат. 5-октябрда жол-жобо бузулгандыктан депутаттар аны үчүнчү окуудан экичи окууга кайтарышкан — ал боюнча парламенттик угуу өткөрүү зарыл болчу, ал эми үчүнчү окууда аны өткөрүүгө жол берилбейт.
Мыйзам долбоорун жактырууга документтин автору, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев каршы чыкты, бирок анын өтүнүчү четке кагылды. «Бир Болдун» депутаты Чолпон Жакупова жол-жоболор бузулган учурларды оңдоп, угуу өткөрүш үчүн мыйзам долбоорун алып салууну сунуш кылган.
Жакупованын айтымында, мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо мыйзам бузуу менен өткөнүн депутаттар өздөрү деле моюнга алышкан.
Иса Өмүркулов ал убакта парламент мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салгыдай каталарды кетирген эмес деп билдирген эле.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору жалпы элдик добуш берүүнүн жол-жобосун аныктайт. Ал референдумда автоматтык окуй турган урналарды колдонууга мүмкүнчүлүк берет.
Документте референдумга алып чыгууга болбой турган маселелер — тарифтерди өзгөртүү, президентти жана депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо, салыктарды киргизүү жана жокко чыгаруу каралган.
Референдум тууралуу парламенттин депутаттары, Кыргызстандын 10 миң жараны же өкмөт демилге көтөрө алат. Мыйзам долбооруна ылайык, эми референдумду дайындоо маселеси парламент тарабынан каралууга тийиш.
Соавтор: Сезим Каныбекова
Видео: Азат Рузиев