Башкы прокуратура: Прокурорго кол салуу боюнча шектүү киши кармалды

Прокурордун жардырылган машинасы. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, прокурор Эркин Курманалиевдин өмүрүнө кол салуу боюнча шектүү адам кармалды. Июлдун аягында анын машинесинин чатырында жардыргыч заты бар кутуча жарылып, ал колунун чеңгелинен ажырап, көзүнөн жаракат алган эле.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын Башкы прокуратурасы прокурор Эркин Курманалиевди өлтүрүү аракети боюнча шектүү кишини колго түшүрдү.

«Ал жашап жаткан жерде табылган жардыруучу түзүлүш Э. Курманалиевдин өмүрүнө кол салууда кылмыш ордунда колдонулган түзүлүш менен бирдей», — деп жазылат билдирүүдө.

Мекемеден алынган маалыматка караганда, кармалган киши өз кылмышын моюнга алган көрсөтмө берүүдө. Ошондой эле кылмыштын бардык чоо-жайы иштин бардык жагдайлары аныкталып, тергөө бүткөндөн кийин көрсөтүлөөрү белгиленет.

Орто-Сай айылында 29-июлда жарылуу болуп, прокурор Эркин Курманалиевдин машинесинин чатырында жардыргыч зат толтурулган кутуча жарылып кеткен.

Натыйжада прокурор колунун чеңгелинен ажырап, сол көзүнөн жаракат алган. Курманалиев кызматтык иликтөө бөлүмүнүн улук прокурору болуп иштеген. Ал прокуратура органдарындагы кызматтык тартиптин бузулушун, коррупцияны жана башка мыйзамга каршы фактыларды ачып келген.

Курманалиевдин туугандары анын өмүрүнө кол салуу анын ишмердиги менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин да четке кагышкан эмес. Башкы прокуратура андай маалыматты тастыктаган жок.