Видео: «Симпсондогу» Путин Трампка добуш берди

Ат минип алган Орусиянын президенти Владимир Путин мультсериалдын 600-эпизодунда пайда болду.

«Симпсондордун» 600-сериясынын тизери YouTubeда 14-октябрда пайда болду, аталган серия Fox телеканалында 16-октябрда көрсөтүлөт.

Орусия лидери өзүнүн белгилүү образында добуш берүү участкасына барат — анда ал үстүндө кийими жок ат минип алган. Ал Дональд Трамка добуш берип, республикачылардын лидери шайлоодо 102 пайыз алаарын алдын ала айтат.

Бул Владимир Путиндин америкалык мультфильмдерде биринчи жолу пайда болуусу эмес. Орусия лидеринин образы «Түштүк парк» жана «Гриффиндер» мультсериалдарында да чыккан.

АКШ президентин шайлоолор 8-ноябрда өтөт. Учурда Хиллари Клинтон алдыда баратат, Дональд Трамптын рейтинги сексуалдык жаңжалдарга байланыштуу төмөндөп кеткен.

The Washington Post Дональд Трамптын асылуусунун курмандыктарына арналган макала жарыялаган. Учурда 12 аял республикачылардын лидерин сексуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн айыптап чыккан.

Хиллари Клинтонду калктын 52 пайызы колдоодо, Дональд Трампты 38 пайыз. Сексуалдык жаңжал чыкканга чейин Клинтон атаандашынан жети пайыз алдыда бараткан болчу.