Kloob: Пентаграммалар жана терисинен асып салуу. «Сатанисттик стилдеги» кече кандай өттү?

«Сатанисттик» стилдеги «Dynastyrave» кечеси Бишкекте мурунку ишембиде өттү. Латынча жазылган дубалдар жана адамдарды терисинен илип коюу — ал жакта дагы башка эмнелер көзгө урунганын Kloob программасынан көргүлө.


Көңүл бургула! Видеодо төбө чачты тик тургузган же жөн гана жагымсыз сезимдерди чакыра турган сценалар бар. Эгерде ал силерге кандайдыр зыян кылат деп эсептесеңер, андан көрө, бишкектик сүрөтчү келин өз кызына жомок сүрөттөрдү кантип тартаарын көргүлө.


Бишкектеги «Raum» барында 15-октябрда адегенде «караңгы» форматта даярдалган «Dynastyrave» аттуу кече өттү: зал сатанизмди да символдоштурган астын-үстүн пентаграммалар менен шөкөттөлгөн.

Ошого карабастан, уюштуруучулар бул кече көбүнчө сатанизмди шылдың кылууга багытталганын айтышты.

«Сатанизм — бул бир нерсеге үндөө, ал эми биз аны өз билишибизче такмазалагыбыз келет. Бул жөн гана тематикалык кече», — деди иш-чаранын уюштуруучусу Сергей Лисов.

Hell Dolls жамаатынын өкүлдөрү көрүүчүлөргө асып коюну көрсөтүштү — алар өз денесин шиштер менен тешкилеп, өзүн терисинен илип коюшту. Алардын айтымында,  психологиялык сыноодон өтүп, адреналинди сезиш үчүн ушундай кылышат.

«Адам жерден ажыраганда ал сырткы дүйнөнү турган турпатында кабыл албай калат. Андан кийин адамдар өзгөрөт», — деди шоуго катышкандардын бири Анастасия.


Тема боюнча: Адамдарды терисинен шиштерге илип коюу


Видео: Арсений Мамашев