Баяндоо Kloop.kgнин Москвадагы кабарчысы Айжамал Идиристин атынан жүрөт.

Москва. Метронун «Электрозаводская» станциясы. Биринчи кабатында тез тамактана турган жайлардын жарыясы турган чакан боз имараттан алыбеттүү жигиттер чыгып келатышат. Кыргыздар экен. Биздин бирөөлөрдү издеген кебетебизди карап, алар бизге суроолуу көзү менен карап калышты.

— «Айкөл» мушташ клубу ушул жердеби? — деп сурадым мен.
— Ооба, ушул жерде. Кыргызча түшүнөсүңөрбү?
— Ооба, түшүнөбүз, сүйлөйбүз.
— Ааа, анда туура барасыңар, тиги эшикке кирсеңер, табасыңар. «Айкөл» 12-кабатта.

Жигит жылмайып автоунаасына түшүп кетти.

Биз эшикти ачып, имараттын ичине кирдик. Жазы бетон тепкичтерди көзгө чоочун ачык жашыл түстөгү дубалдар курчап турат. Имарат тик бурчтук түрүндө, чоң тепкич орундары жана салмактуу эшиктери бар. Мушташ клубун биз алтынчы кабаттан таптык.

«Мушташ клубу» дегенди укканда эле Чак Паланиктин романы жана анын негизинде тартылган ошондой эле аталыштагы фильм эске түшөт. Өз турмушуна нааразы болуп, азыркы коомдук кабыл ала албагандыктан уйкусу жок кыйналып жүргөн баш каарман мушташ клубуна кирип, башка кишилер менен мушташып, оорусу менен ошентип күрөшөт.

Бирок Паланиктин мушташ клубунун биринчи эрежеси боюнча Мушташ клубу тууралуу эч кимге айтпай койбош керек болсо, экинчи эрежеси боюнча «эч кимге Мушташ клубу жөнүндө айтпаш керек» болсо, кыргыз мушташ клубунда андай эреже жок. Ал тууралуу билишет, кеп кылышат, ал жакка чакырышат.

Мушташ клубунун мүчөлөрү кимдер?

Мекендештерибиздин эсебинде, Москвада 15тей мушташ клубу бар, ал жакта Кыргызстандан барган мигранттар бош убактысын өткөрүшөт. Алардын түшүнүгүндө мушташ клубу — Паланик сүрөттөгөн нерсе эмес. Бул тар чөйрөдөгү мыйзамсыз жер эмес, көбүнесе эрежесиз эр урушка даярдап, аларды өткөрө турган кадимки спорт залы.

Клубдун кире беришинде кызыл түндүктүн астында сүрдүү кара бүркүт турган логотип жайгашкан. Кыргыз символикасынын элементтерин бул жерде көптөгөн буюмдардан, анын ичинде спорт кийимдерден жана чөнтөк телефондордон байкаса болот.

Клубдун алдындагы караңгы далис азырынча оңдолгон эмес, ошондуктан ал согуш кино тартса боло турган эски курулуш объектисине окшоп кетет.

Биз жарыкты көздөй басып, бөлмөгө кирээрибиз менен тирөөч көзгө урунду, анын артында машыктыруучу Дастан турат. Биз анын тай боксу боюнча Евразия чемпиону экенин кийин билдик. Тирөөчтүн өзүндө элдин арасына кеңири тараган спорт футболкалары желбирейт. Оң жакта бир нече метрден кийин бардык зарыл белгилери бар спорт залы жайгашкан — ал жакта күзгү, мат, боксердук мүшөктөр, мушташ үчүн сегиз бурчтуу ринг октагон бар.

Саат араң 18:30ду көрсөтүп турат, залда бир нече адам машыгууда. Бизди коштоп жүргөн мекендешибиз Асел баары адатта жумуштан кийин, кечки жети-сегиздерден кийин келишээрин айтты.

Клубга келгендердин орточо курагы 20-23 жаш. Бирок чоңдордон тышкары бул жакта балдар да машыгышат. Асел кыргызстандыктардын бири жакында сегизинчи класстагы баласын алып келгенин айтып берди.

«Ал аны бул жерде мушташка катышсын деп эмес, кимдир бирөө аны ыза кылып койсо же бүтүк көз деп тийишсе өзүн коргосун деп алып келди. Мигранттардын балдары Москвада дос табышы сейрек кездешет», — дейт ал.

«Айкөлгө» Кыргызстандын мурдагы жана азыркы ички иштер министрлери Мелис Турганбаев жана Кашкар Жунушалиев да келип кетишкен. Маал-маалы менен бул жакка Кыргызстандын Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев да келип турат. Клубдун кызматкерлери айтып беришкендей, «түшүндүрүү иштерин» жүргүзүш үчүн.

«Ур аны, ур!»

Мушташ кийинки күндүн эртең мененки убагына дайындалган. Клубдун кызматкерлери жеңүүчүлөр кийинки турнирлерге катышууга мүмкүнчүлүк алышаарын айтышат.

Биз келгенде залда эки жүздөй киши чогулуп калган экен. Көбүнчө спорттук кийимчен жаш жигиттер кыйкырып жатышты:

— Ур, ур!
— Карма! Жакшылап карма!
— Э, оң колун менен ур башка!
— Иште, иште!
— Чап, чап!
— Сок! Көтөрүп туруп чап!

Рингде эки башка клубдун мушкерлери согушууда. Көк кийимчен мушкер кызыл кийимчен мушкерди баштан ары чаап, октагондун торуна кысып келип көтөрүп чапты.

Кубанычтуу күрү-күүнүн арасында калыстын үнү угулат: «Муунта кармаган ыкма менен көк кийимчен мушкер жеңишке жетишти». Жеңүүчүнүн күйөрмандары шаттанып, өзү болсо тер басып чарчаган бойдон тордон аттап барып жолдошторун кучактады.

Көрүүчүлөр канча жолу мушташ болгонун унутуп деле калышты, бирок кечки саат алтыга карата 60тай мушташка жетти. Айрым спортчулар бинт тагынып, беттери көгала болуп чыккан. Рингде катып калган кандын изи көрүнүп турат.

Жаракат алгандар болот, бирок анча деле коркунучтуу эмес, дейт клубдун президенти Кубанычбек Осмонбеков.

Бөлмөнүн ар кайсы бурчунан эркектердин орой үндөрү угулат. Бул ызы-чуунун арасында айрым кыздардын сөгүнүп, «бол, ур» деген үндөрү да угула калат.

Алардын бири — Нурлана — «Азия» клубундагы бирден-бир мушкер кыз, анын мүчөлөрү бүгүнкү таймашка келишкен. Ал Тамбовдо төрөлүп, бала кезинен бокс менен машыгат. Ал Москвага актриса болгону келген, бирок спорт анын жашоосунда акыркы орунда эмес.

Нурлана Кыргызстанда эч качан болгон эмес жана белгилүү бир куракка жеткиче мигранттар менен деле сүйлөшкөн эмес, бирок бир жолу мекендештерин таап келип, эми клубдагы балдар менен көбүрөөк убакыт өткөрөт. Ал мушкерлер менен жеңил-желпи баарлашып, аларды өз бир тууганындай көрөт. Нурлана рингге чыкпайт, анткени ал үчүн атаандаш кыз жок.

«Айкөлдүн» президенти Кубанычбек Осмонбеков ал башкарган клуб диаспорага карай тургандыгын, бул жерде адам өз үйүндөгүдөй сезип, «өз» кишилери менен баарлашса болоорун айтат. Бирок мигранттарга Москва коомуна кантип аралашып, өзүн кантип алып жүрүп, «кыргызды жакшы жагынан кантип көрсөтсө болоорун» да айтып турушат.

«2000-жылдары бизди, кыргыздарды баалашчу, Орусиядагылар бизге сый мамиле кылышчу. Жакшы стереотип, жакшы мамиле бар эле. Тилекке каршы, 2007-жылдан 2014-жылга чейин биз ал беделибизди түшүрүп алдык. Орус калкында кыргыздар жапайы эл деген түшүнүк бар, анткени келгендердин көбү ал тургай мектепти да бүткөн эмес. Кыздарды сабаган "патриоттор" да беделибизди түшүрүп жатышат.

Бизде өзүбүздүн эрежебиз бар: мушташкың келсе рингде гана мушташ. Биз балдарга азыркы кыргыз, азыркы спортчу — маданияттуу, билимдүү, сылык адам деп айтабыз. Биз бул жерге китеп текчесин коёлу деп атабыз, мушкерлер окусун, өнүксүн», — дейт Осмонбеков.

«Чурайга тепмей, каракушка урмай жок»

Ал арада мушташ улантылып жатты. «Экипировка менен чыккандар — жаңыдан катышып жүргөндөр, — деп түшүндүрдү мага клубдун президенти. — Азыр тажрыйбалуулар чыгышат. Ошондо көргөн кызык болот».

Кесипкөйлөрдүн соккулары дененин бардык бөлүктөрүнө — ичке, төшкө, моюнга, колго, бутка, бетке урула берет.

Карапайым эл муну эрежесиз мушташ деп атаган менен, бул жерде эреже толтура, дейт мени коштогон Асел. Мушкерлер өздөрү бул багытты MMA (Mixed Martial Arts) — аралаш таймаш деп аташат.

Жанымда отурган машыктыруучу Дастан MMAда негизги эки эреже бар — каршылашын чурайга тепкенге жана каракушка чапканга болбойт, деп түшүндүрдү. «Көзгөчү?» — деп сурадым мен. «Көзгө туштап урса болот, чукубаса эле болду», — деп жооп берди ал.

Эки каршылаш жеңиш үчүн айыгыша салгылашып жатканда калгандары рингден көзүн албай, чөнтөк телефонуна тартып, маал-маалы менен туура эмес соккуларга кейип жатышты.

Жанымда кызгылтым желеткечен кичинекей кыз отурат. Анын мушташып жаткан эркектерге кантип карап жатканын байкап турдум.

— Атың ким?
— Диана.
— Жакшы экен, менин атым Айжамал. Канчадасың?

Диана манжаларын бүгүп, так айтты:

— Жети.
— Мушташ сага жагабы?

Ойлоно түшүп, башын чайкады.

— Эмнеге?
— Кичине корком.
— Уруп атышкандабы?
— Ооба.
— Сен ким менен келдиң?
— Атам менен. Ал ушул жерде машыгат. Мен да машыгам.
— Сен да мушташасыңбы?
— Жок, жөн эле машыгам. Тигине машыктыруучу турат.
— Сен дайыма эле ушул жакта жашап жүрөсүңбү?
— Жок, мен башка борбордо болчумун.
— Башка өлкөдөбү?
— Жок, башка өлкөдө эмес, бул деген башка борбор да.
— Орусияда бир эле борбор бар, ал Москва. Же сен Бишкекти айтып атасыңбы?
— Эми… мен башка жакта жашап жүргөндө атам бул жакка сегиз айга кетти, анан апам беш айга кетти, мен ыйласам да болбой. Бирок анан алар мени алып келип алышты. Бир туугандарым болсо чоң энем менен калышты.

«Адреналин же кыял»

Диананын атасына окшогондор залда толтура.

«Алар Москвага турмуш шарты менен келип калышкан. Бирок көптөгөн машыктыруучулар жана бул жерде машыккандардын көбү бала кезинен спорт менен алектенип келишкен. Мен булар жөн эле келип жүрүшөт деп ойлочумун, бирок бала кездеги боксер мээлейчен түшкөн сүрөттөрүн көргөндөн кийин бул алардын көптөн күткөн кыялы болгонун түшүндүм. Иштеп, ошол эле учурда машыгып жүрүп булар өз кыялына жеткиси келет — Америкада өтө турган UFC (Ultimate Fighting Championship) мелдешине баргысы келет», — деди Асел.

Бир жолу туугандарына каникулга келип калып, ошол бойдон Москвада иштеп калган мушкер Чынтемир да кыял тууралуу кеп кылат.

«Мен үчүнчү класстан бери грек-рим күрөшү менен машыгам, олимпиадалык резерв мектебин бүтүрдүм. Бирок шартка жараша бул жакта кафеде иштеп калдым. Бул клубда мен илгерилей алам. Мен өзүмө максат койдум — спорт менен машыгууну уланта берип акыры UFC мушташтарына катышайын деп атам, анткени ал мушташтын Олимпиада оюндары сыяктуу эң жогорку деңгээли».

Чынтемирдин айтымында, мигранттардын көбү клубга бала кезинде машыгып жүргөн спортту улантканы келишет. Айрымдары эс алган убактысын пайдалуу өткөргүсү келет.

«Бул жерде баары иштейт. Бул жердегилердин көпчүлүгү айылдан келгендер. “Үй менен иш” эле боло берсе, жашоонун кызыгы деле кетип калса керек», — дейт ал.

Анын кесиптеши Жайдар да АКШга баргысы келгенин кошумчалады.

«Ал жакта мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Бул жакта эмне? Иш менен үй, иш менен үй. Бишкеккеби? Билбейм, кайра баргым келбейт, ал жакта акча короткондон башка эч нерсе жок», — деп ой бөлүштү ал.

Мушкер Мирлан спорт ал үчүн жөн эле убакытты өткөрүүнүн же эс алуунун жолу эмес, «күнүмдүк турмушта жетишпеген» адреналиндин булагы экенин айтты.

«Биринчи жолу рингге чыкканда коркосуң, бирок кийин бул сага күч бере баштайт. Адамдар кыйкырып, сага жан тартышат. Албетте, кээде анын айынан адашып деле каласың. Ар кимдин айтканын угуп, эмне кылаарыңды билбейсиң. Бирок жалпысынан бул аябай дем берет!» — деди ал өз таасирин бөлүшүп.

Анан жылмайган бойдон өз клубундагы мушкерге күйөрман болгону тордун жанына кетти…

Сүрөттөрдүн булагы: Aikol FC