Интернетте өздөрүн кыргыз «патриоттору» деп атагандардын кыргызстандык кыз менен анын жанындагы өзбек улутундагы адамды сабап жаткандыктарын тартылган видео пайда болду.

Көңүл буруңуздар, видеодо үрөй учурчу кадрлар бар. Эгер алар сиздерге зыян келтирет деп эсептесеңиздер, анда видеону көрбөй эле коюшуңуздарды сунуштайбыз.

«Патриоттор» дагы бир кызды өзбек жигит менен кармашты» деген аталыштагы видео интернетте 22-августта пайда болгон.

Анда белгисиз адамдар тарабынан өзбек тилдүү адам менен сүйлөшкөндүгү үчүн кыргызстандык кызды суракка алып, ага карата зомбулук көрсөтүп жаткандыктарын тартылган.

Сурак жүргүзүп жаткандар алардын жерлигин тактап, экөөнү никеде турбастан эле убакытты бирге өткөрүп жаткандыктарына айыптаган.

Видеонун качан тартылганы белгисиз.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан милиция бул ишке тиешеси барларды издеп баштагандыгын билдиришти — окуянын качан жана кайсыл жакта болгондугу такталууда.

«Бул мындай аракеттерди өздөрүнүн акылсыз, маанисиз ишенимдери менен актап, туура иш кылып жатабыз деп эсептеген жалган патроиттор. Кандай болгондо да бул физикалык зомбулук. Биз мындай зомбулукту айыптайбыз жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн бардык чараларды көрөбүз», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде.

Биринчи жолу эмес

2015-жылдын июлунун башында бул сыяктуу жылаңачталган кыргызстандык кыздын суракка алынышы тартылган видео интернетке жарыяланган. Сурак жүргүзүп жаткандар өздөрүн «Кыргызстандын патриоттору» деп тааныштырышкан — алар анда кызды «өзбектер менен жаткан» деп айыпташкан.

2014-жылдын декабрында интернетте Орто Азиядан барган мигранттар «улутту кемсинтүү үчүн» деп болжолдуу түрдө кыргызстандык жана тажикстандык эки кызды сабап жаткандыктары тартылган видео жарыяланган.

Ал видеодогу аял секс-жумушчусу экенин мойнуна алып, анын жүзүн көрсөтпөөсүн өтүнгөн, а кадр сыртындагы эркек анын курбу кызы «тажик улутун кемсинтүүдө» деп нааразы болуп жаткандыгы угулган.

2013-жылдын декабрында интернетке Кыргызстандан барган мигранттар катышкан видео жарыяланган. Анда алар кыргызстандык кызды «тажиктер жана өзбектер менен байланышта болууга» айыптап, сабашкан.

Анда алар кызды ургулап, тепкилешкен, кыз болсо жооп катары «тажиктер жана өзбектер менен эч кандай байланышта болбогондугун» айткан.

Бул сыяктуу дагы бир видео интернетте 2012-жылдын мартында пайда болгон. Анда өздөрүн «Патриот» кыймылы деп атаган эркектер кызды «бузуку жүрүш-турушка» айыптап, сабашкан.